Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаш ата‑энелер үчүн курстарды түзүүнү сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоорун Министрлер Кабинети коомдук талкууга да чыгарды. Аталган министрликтин мамлекеттик деңгээлде жаш үй-бүлөлөрдү окутуу идеясы акыркы күндөрдө коомдо катталып жаткан түрдүү терс көрүнүштөргө байланыштуу болгону менен түшүндүрүлүүдө.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча учурда балдарды тарбиялоодо жаш үй-бүлөлөрдүн 15,7%ы гана мамлекет тарабынан колдоого ээ. 2017-жылы бул көрсөткүч 34,7%ды түзгөн. Демек, мамлекеттик колдоо көрсөткүчү азайып кеткен. Бул аралыкта Кыргызстанда 2021-жылы ажырашкандардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 31,8%га өскөн. Мисалы, 2020-жылы 9128 ажырашуу катталган болсо, 2021-жылы 12 037 үй-бүлө эки жолго түшкөн. Бул акыркы 11 жылдагы рекорддук көрсөткүч катары катталган. Андан бери ажырашуулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Аны менен катар туугандарынын кароосунда калган мигранттардын балдарынын саны да өскөн. Ага кошумча 2025-жылдын башынан бери үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны 35%га өстү. Зомбулук көргөн жарандардын 47 пайызы өз үйүндө коркунучтун үстүндө жашап келгендигин айтышкан.
Андыктан маселени ортого салып, министрлик чечкиндүү кадамдарга барууну сунуштоодо. Окутуулар жаш жубайларга каржылык камсыздоону үйрөнүү, турак жай жана иш менен камсыз болуу, жубайлардын бири-бирине мамиле кылуусу, жаңы жагдайга жана жаңы туугандарга көнүү, заманбап үй-бүлөнүн туруктуулугун сактоо, тарбия сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтмөкчү.
Психологдор болсо бул кадамдар колдоого аларлык деп, азыр жаш үй-бүлөлөр көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды өз алдынча чече алышпай тургандыгын айтышууда. Ал тургай азыр маселелер туугандар, достордун жардамы менен да чечилбей калган учурлары бар. Аймактарда жаш үй-бүлөлөр көйгөйлөрү менен көбүнчө Аксакалдар сотуна кайрылышат. Аксакалдар соту жарандардын ортосундагы мүлктүк талаш-тартыштар, жубайлардын ортосундагы мүлктү бөлүштүрүү, жер участкаларын пайдалануучулардын ортосундагы, анын ичинде сугат боюнча талаш-тартыштар жана майда-чүйдө ээн баштык, мазактоо, ушактоо, уруп-сабоо сыяктуу иштерди карап келишет. Бул институт тарабынан жыл ичинде ушундай тариздеги жалпы 1525 иш каралыптыр. Анын ичинен 130 иш чечилбей, сот органдарына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 425 аксакалдар соту иштейт. Анын 2496 мүчөсү болсо, 73%ын эркектер, 27%ын аялдар түзөт. Бирок, акыркы убактарда Аксакалдар сотуна да кайрылуулар азайып барат. Ал эми шаар жергесинде Аксакалдар сотуна кайрылып маселе чечкендер жокко эсе экендиги сурамжылоолордо аныкталган.
Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 9 балалуу үй-бүлө кайрылып, үйсүз калганын айтып даттанганын социалдык желелерге тараган видеодон көрдүк. Анда Камчыбек Ташиевдин үй-бүлө курууда, балалуу болууда жалпы жазылбаган жана жазылган мыйзамдардын бар экендигин түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. УКМК төрагасы жыйынтыгында 9 бала менен үйсүз калдык деген үй-бүлө тууралуу маалымат чогултуп, жардам берүүнү тапшырган. Көп өтпөй көп балалуу ата-эне буга чейин да элден жардам сурап, ашар жолу менен салынган турак жайын сатып жибергени, кийин айыл чарба багытындагы жерди үй салуу үчүн сатып алганы белгилүү болду. Мамлекет тарабынан ачыла турган окуу курстары үй-бүлөлөрдөгү дал ушундай көрүнүштөрдү алдын алуу милдетин ала тургандай болууда.
Азыр окутууларды түрдүү коучтар жана психологдор онлайн марафондор аркылуу жүргүзүп келишет. Бирок, коучтардын окутууларынын, лекцияларынын мазмуну терең иликтенип, алардын коомго жардамы тийип жатабы же тескерисинчеби көзөмөл кылына элек. Дин чөйрөсүндө жүргөн аалымдар да жаштарга тарбия берүү, үй-бүлөлөрдү сактоо темасында тартылган видео сабактарды жаздырып, таратуу менен алектенишет. Бирок, бул окутуулар да комплекстүү түрдө эмес. Андыктан эми квалификациялуу адистер, социалдык кызматкерлер, психологдор, медициналык кызматкерлерге кайрыла албай жана жардам ала албай жүргөн жаштар үчүн мамлекет окууларды өткөрүү планын койду. Окутуу курстарына 35 жашка чейинки ата-энелер катыша алышат. Артыкчылык аз камсыз болгон жана көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө берилет. Республиканын ар бир районунан экиден жубайлар, Ош жана Жалал-Абаддан үчтөн жуп, Бишкектен 4 жуп тандоо пландаштырылууда. Жалпысынан программага 50 үй-бүлө катышат.
Жазгүл Кенжетаева

