"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Жаш актёр, актрисаларга Оштон жаңы батирлер берилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлор менен актрисаларга убадаланган батирлерди көрсөттү. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы турак жай объектиси Кыргызстандын ар кайсы аймагынан келген жаш актёрлордун Ош шаарында жашап, чыгармачылыгын улантышы үчүн шарт түзүү максатында курулуп жатат.

Ош шаарынын Краснофлотск көчөсүндө жайгашкан батирлер муниципалдык ипотека программасынын алкагында курулууда. Бул турак жайдан 22 жаш маданият өкүлдөрүнө бир бөлмөлүү батирлер берилет.

Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга курулушту 1-июлга чейин толук ремонту менен бүтүрүүнү тапшырды.