"Эркин-Тоо"

ЖАШ КИНОЧУЛАРДЫН ЧАБЫТЫ

Кыргызстанда 29-марттан 31-мартка чейин жаш киночулардын “Үмүт” ХI эл аралык форуму өтөт. Бул форум быйыл Кыргыз эл артисти, белгилүү режиссер Бекеш Абдылдаевдин 90 жылдыгына арналып өткөрүлөт.

Форумга кыргызстандык жана КМШ мамлекеттеринен   жаш режиссерлер, программалардын директолору, продюссерлер, кинотаануучулар катышат. Үч күн аралыгында чыгармачыл аянттарда мастер-класстар, лекциялар өтөт жана кыргызстандык режиссерлердун, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген форумдун катышуучуларынын тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чарада кинофестивалдар жарманкеси өзгөчө орунду ээлейт.  «Фестивалдар жарманкесинде» Post Space Film Camp кинолагерин көрсөтөт. Бул дүйнөлүк деӊгээлдеги трендсеттер жана десижн мейкерлердин жана Борбордук Азиянын жаӊы иш баштаган таланттуу киночуларынын башын кошкон сейрек интеллектуалдык кинолагерь болуп саналат. Кинолагердин алкагында пайдалуу билим, байланыш, идеяларды жана кино долбоорлорду түзүү жана алдыга илгерилетүү үчүн жаңы дем, шык алууга болот.

Бизде жаӊы көндүм жана билим алууну каалаган, дүйнөлүк кинонун тенденцияларына байкоо салган, эксперимент жасоодон коркпогон жаш, таланттуу киночулар көп. Бул жагынан мүмкүнчүлүк абдан чоӊ. Өзгөчө биринчи кыска метраждуу тасмаларды тартууга колдоо көрсөтүү керек.

Бул форум биринчи жолу 2013-жылы өткөрүлгөн. Анда жалаң улуттук тасмалар көрсөтүлгөн. Азыр белгилүү режиссер болуп калган Руслан Акундун “Салам, Нью-Юорк” тасмасы ошол форумда көрсөтүлүп, дүйнөгө сапарын баштаган. Ал эми 2016-жылдан тартып бул форум эл аралык форумга айланган. Анткени, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнөн келген жаш режиссерлер, киноишмерлер, актерлер катышкан. Бул жылкы программа баштагы жылдардагы программаларга караганда алда канча бай жана ар түрдүү. Быйыл форумда ата мекендик жана КМШ өлкөлөрүнөн келген режиссерлердун 83 тасмасы көрсөтүлөт. Кыргызстанда режиссерлерду, кинематографисттерди даярдап чыгарган кыргыз-түрк “Манас” университети, Кыргызстандагы Америка университети жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана  искусство университеттери бар. Бул окуу жайлардан жыл сайын көптөгөн жаш режиссерлер бүтүрүп чыгарат. Азыркы жаштардын дүйнө таанымы, кызыгуусу да аябай күчтүү.

Жаш режиссерлер кино тартууда көбүнчө каражат маселесинен кыйналышат. Бирок, ошондой кыйынчылыктарга карабастан алар  тарткан кыска метраждуу, же документалдык тасмалар кинонун бардык суроо-талаптарына, эл аралык стандарттарага жооп бериш керек. Ал үчүн кинодогу үндүн, тасманын сапаты мыкты болушу абзел. Кандай гана тасма болбосун анын техникалык, маанилик, көркөмдүк деңгээли жана мааниси жогору болушу шарт. Ошол үчүн бул форумда улуттук  жана эл аралык программаларды ишке ашыруу каралган. Улуттук программаларда жаштарды азыр эмне көбүрөөк кызыктырат, алар жашап жаткан коомдогу тигил же бул окуяны, курчап турган турмушту кино аркылуу кандай чагылдырып жатканына көңүл бурулат. Форумга келген тасмаларды баалай турган эки калыстар тобу түзүлгөн. Бири улуттук программалар боюнча тартылган тасмаларды, экинчи тобу эл аралык программалар боюнча тартылган тасмаларды карашат. Адатта калыстар тобуна аты элге таанылган белгилүү кинорежиссерлер, кино сынчылар чакырылат. Алар сынакка катышкан тасмаларга калыс, адилет баа беришет. Азыр режиссерлер тасманы өз каражаттарына тартышат. Кээде “Кыргызфильм” студиясы камера, үн жазуучу, монтаждоочу аппаратар менен жардам көрсөткөн учурлар да бар. Кантсе да “Үмүт” эл аралык кино форуму жаңы тасмаларды, жаңы, жаш режиссерлорду эл арасынан таап чыгып, аларды кинонун улуу, сыйкырдуу дүйнөсүнө аттандырууда чоң эмгек кылып келет.

 

                                                                                                          Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№24 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 29-марты

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!