"Эркин-Тоо"
Пайдалуу кеңеш

Жаш курагыңызга карап тамактаныңыз!

Организмдин картаюу процессинде эң чоң өзгөрүүлөрдү алып келген үч курак болот. Ал 45, 60 жана 75 жаш экенин биология илимдеринин доктору Алексей Москалевго шилтеме берип «Известия» басылмасы жазган.

Адамдарды изилдөөгө алган илимпоз карылыкка моюн сунган биринчи курак — 45 жаш деп белгилеген. Бул учурда көпчүлүк кишиде тукум улоо функциясы акырындык менен миссиясын аяктай баштайт дейт ал.

«Кийинки бурулуш учур — 60 жаш. Мында клеткалардын бөлүнүшү, кайрадан жаңылануу процесси жайлап, бир оору пайда болот.

Ал эми 75 жаштан кийин организмдеги ткандарды бириктирип, химиялык заттардын алмашып турушун жөнгө салган процесс үзгүлтүккө учурай баштайт экен.
Андыктан 45 жаштан өткөн соң маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп, ар кандай өнөкөт ооруларды алдын алып турууну сунуштаган Москалев жаш көрүнүүнү каалагандар жашоо образын жеңилдетиши керек деген. Андыктан биз бул сапар сиздерге 30 жаштан кийин адам жаш бойдон калуу үчүн кандай тамактанышы керек деген темага кайрылабыз.

Бардык жаш өлчөмүндө адам жаш көрүнөм десе биринчи кезекте тамактануусуна көңүл бурушу керек.

30 +
Бул жаш куракта адам гемоглобиндеги темирдин жетиштүү өлчөмдө болушуна көңүл бурушу керек. Анүчүн шпинат менен тамактануу сунушталат. Шпинат адамдын гемоглобинин көтөрүп, активдүү болууга түрткү берет. Шпинат жеген адамдын бет терисинин өңү тегиз болот. 30 жашта адам карылыкка моюн суна баштайт. Айрыкча бул куракта беттин териси өзгөрөт. Клубника, малина, кара өрүк, жүзүм, мейиз жеш керек. Мындан сырткары картошка, кызыл калемпир. Капуста, фасоль сизге жардамга келет. Жаңгак жеген адамдардын да бет териси жакшырат.

40+

Бул жаш куракта адам ар кайсы жеринин ооруганын байкай баштайт. Аялдарда эстрогендин деңгээли төмөндөп кетет. Гормондор алмашып турат. Адистер бул куракта тузду аз пайдалануу керек дешет. Сууну көп ичүү зарыл. 40 жашка чыккан адамдын маанайы тез-тез өзгөрүлүп турат. Кубанычты тартуулаган гормондор аз иштелип чыгат. Гречка, таруу, арпаны көп жеп, банан, алма, ашкабак, коон, шабдалы жакшы көргөн тамагыңызга айланышы керек. Сүт азыктарынан быштакты көп пайдалануу туура. Балык эти, жумуркта, шоколад сизге жардамга келет.

50+
50 жашка чыкканда козу карынды көп жеген адамдар кыргыздардын арасында такыр эле жоктур. Адистер болсо так ушул куракта козу карынды көп жегиле деп кеңеш беришиптир. Бул азыкта май жок. Бирок, тоюмдуу болот. Козу карын жеген адамдын сөөктөрү, муундары оорубайт. Кальций көп азыктарды пайдалануу жакшыраак. Майы жок этти да көп пайдалануу керек. 50 жаштан өйдө адам кан-тамыр ооруларын алдын алуусу керек. Балык эти сизди жаш бойдон сактоого жардамын берет.


60+
Бул куракта адам көп азыктарды аш кыла албай кыйналат. Андыктан адистер, диетологдор тез сиңимдүү азыктарды жегенге үндөшөт. Семирип кетүү коркунучу бар адамдар тамактанууну азайтуусу керек. Углевод 60 жаштан ашкандардын организимине көп пайда алып келбейт. Жемиштерден алманы көп жеген жакшы. Туз менен кумшекерди көп пайдалана бербеңиз.

70+
Сүт азыктарын пайдалануу зарыл. Кальций көп азыктар сиздин ден соолукка пайдалуу болот. Организмге белок негизги керектүү азык. Туздуу тамактырды такыр эле жебей эле койгон оң. Адам картайган сайын сууну аз ичип баштайт. Андыктан адистер сууну ичкиси келбегендерди да суу ичип турууга үндөйт.