"Эркин-Тоо"

Жаш муундар эртеңки тарыхты жаратышат

24-апрелде Бишкектеги №58-орто мектепте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Мектеп директору Жылдыз Молдокулова мындай ири-чараларды өткөрүү, окуучуларга жеткирүү — улутбуздун эртеңине кам көрүү экенин белгиледи. “Мугалимдер, окуучуларыбыз менен чогуу бул иш-чарага атайын даярдандык. Жаштарга улутка, тарыхка байланышкан маалыматтарды жеткирүү зарыл. Балдар эртеңки келечек. Тарых, маданиятын тааныган балдар коомдун ишеничи дээр элем”,- дейт Ж. Молдокулова

Үч миң жылдык жашоосу, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүү жолундагы улуттук кызыкчылыктар, өз асманын, дилин, тилин сактап калуудагы улуттун интеллигенциясынын бар аракеттерин мектеп окуучулары сахналаштырды.

Иш-чарага катышкан Ленин районунун акимчилиги жана тарыхчылар Зайнидин Курманов, Кыяс Молдокасымов жаш жеткинчектерге бул 100 жылдык тарыхый датанынын маанисин, кыргыз тарыхындагы маалыматтарды айтып берип, окуучулардын окууларына ийгилик каалашты.

 

Мээрим БАКТЫБЕК кызы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!