Жаш спортчулар VII «Азия балдары» Эл аралык спорттук оюндарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 27-июлунан 8-августуна чейин Владивосток шаарында (Россия Федерациясы) «Азия балдары» Vll Эл аралык спорттук оюндары өтөт. Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 70 кишиден турган курама команда катышат.
Анын ичинен 48 спортчу спорттун 9 спорттун түрүнөн (самбо, көркөм гимнастика, баскетбол 3*3, кум үстүндө ойноло турчу волейбол, кичи-футбол, жаа атуу спорту, ок аттуу спорту жана тхэквондо) күч сынашмакчы.
Эл аралык мелдешке курама команданы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев узатып, Кыргызстандын желегин тапшырды.