"Эркин-Тоо"

ЖАШЫЛ ДЕМИЛГЕЛЕР ЖАКШЫ ИШ

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карыздарын төлөөнү жашыл долбоорлорду ишке ашырууга алмаштыруу сунушу менен эл аралык каржы уюмдарына жана өнөктөштөргө кайрылды. Ал бул тууралуу 8-январда Фейсбук баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы өлкөбүздө ыш маселеси акыркы жылдардагы бирден-бир маселеге айланганын, бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде өтө актуалдуу экендигин жазып, мында көмүр жагуу аз эмес роль ойноп жаткандыгын белгилеген.

«Албетте, бул маселенин чечилиши комплекстүү мамилени талап кылат. Президенттигимдин биринчи жылында мен экология жана жашыл экономика маселелерин мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири катары белгилегем. Биздин демилге менен БУУ 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялады. Ошондой эле Кыргызстанда өткөн жыл “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” болуп жарыяланган. Климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөрү бар Кыргызстанга да тийбей койбойт» деп жазды Садыр Жапаров. Анын пикири боюнча Кыргызстан жашыл экономика жаатында башка өлкөлөрдөн артта, андыктан бийлик бул багыттагы иштерди тездетүүгө ниеттенет.

Мамлекет башчысы 2021-жыл Глазго шаарында климаттын өзгөрүүсү боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө 2030-жылга карата Кыргызстан абанын парник газдарынан булганышын 44%га кыскартып, 2050-жылы гидроэнергетиканын өнүгүүсүнүн аркасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын жарыялаганын эске салып, өлкөбүз суу ресурстарына бай экенин, бирок учурда суу-энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздүн 10%ын гана пайдаланып жатканыбызды белгилеген.

«Акыркы эки жылда кичи жана чакан ГЭСтерди куруу иштери, ошондой эле келечекте ата мекендик энергетиканын флагманы болчу Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталганын, бул долбоор бүтсө Кыргызстан чынында эле энергетикалык жактан көз карандысыз гана эмес, электр энергиясын экспорттоочу өлкө деп атоого болот» деп жазган кайрылуусунда. Ал өлкөбүз жашыл экономикага багыт алганын, мамлекеттин тышкы карыздарын төлөөнү жашыл демилгелерге алмаштырууну жигердүү иштеп чыгууну тапшырганын жазды. “Тышкы карызды төлөөгө каралган каражаттар жашыл демилгелерди колдоого жумшалса жакшы болмок. Бул багыттагы долбоорлорду донорлор менен өнүгүү боюнча өнөктөштөр эле каржыласын дегенден алыспыз. Аларды ишке ашыруу үчүн өзүбүз дагы каржылык жактан салым кошуп ишке ашырып келе жатабыз жана ашырууга даярбыз» дейт Президент. «Биз болгону жашыл экономиканын өнүгүүсү жана дүйнөдөгү экологиялык абалдын жакшырышына бирге салым кошуу демилгесин гана көтөрүп жатабыз» деп белгилеген Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров Кыргызстан карыз болгон өлкөлөр жана каржы уюмдары Кыргызстандагы энергетикалык объекттерди курууга катышса боло турганын белгилеген. Биз бардыгыбыз, балдарыбыздын экологиясы таза бакубат мамлекетте жашоосун каалайбыз. Биз өз мүмкүнчүлүктөрүн рационалдуу пайдаланган чындап энергетикалык көз карандысыз мамлекет болгубуз келет. Президент Садыр Жапаровдун өнөктөш өлкөлөргө жана эл аралык каржы уюмдарына кайрылуусу кыргыз, орус жана англис тилинде жазылган.

Даярдаган Бегим ТУРДАЛИЕВА
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!