Бишкекте өткөн «Жаз деми» жарым марафонуна быйыл жарышка жалпы 3800 адам чыгып, каалоочулар өздөрү тандаган 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкты чуркашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Аталган марафонго кесипкөй спортчулардан тартып, спортту сүйгөн жарандарга чейин, ар кандай курактагы адамдар, анын ичинде 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар да катышты.
Аларга атайын «Kids Run» жарышы уюштурулуп, 100 метр, 300 метр, 500 метр жана 1 км аралыкта чуркоо өттү.
Жарышта ар бир категория боюнча, анын ичинде жаш курактык топтордо биринчи үч орунду ээлегендерге баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, фиништик чекти ийгиликтүү басып өткөн бардык катышуучуларга медалдар ыйгарылды.
Белгилей кетсек, иш-чара Nomad Sport жана Бишкек мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.