"Эркин-Тоо"

Жазаларды аткаруу кызматы: Аскат Жетиген уулунун айткандары чындыкка дал келбейт

Жазаларды аткаруу кызматы Аскат Жетиген уулуна карата эч кандай кыйноолор болгон эместигин жана анын айткандары чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу Аскат Жетиген уулу Тергөө абагында (СИЗО-1) кармалып турган учуруда ага карата эч кандай кыйноолор болбогондугу тууралуу билдирди. Ал сот учурунда айткан сөздөрүн төгүндөп, түшүнүк кат жазып берди”, — деп белгилешти ведомстводон.

Белгилей кетсек,  23-майда Аскат Жетиген уулунун иши Свердлов райондук сотунда каралып, анда ал кармалгандан кийин кыйноого кабылганын билдирген.

Жарандык активист, акын жана ырчы Аскат Жетиген уулу үстүбүздөгү жылдын март айында “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти басып алууга чакырык” беренелери боюнча шектелип кармалган.