"Эркин-Тоо"

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы алмашты

Кечээ, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Раимжанович Эгембердиев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулуп, анын ордуна Чыңгыз Кожошев дайындалды.

Аны жамаатка Юстиция министринин орун басары Бахтияр Орозов тааныштырган.

Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган, жогорку юридикалык билими бар, ОшМУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Ал кызматын ички иштер органдарынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катарындагы кызматкерден баштаган. Буга чейин ал Ош шаарында жайгашкан №25 мекемени (СИЗО-5) жетектеген.

Ал эми Аскат Эгембердиев ЖАКтын төрагалыгына 2020-жылдын октябрында келген

Пример HTML-страницы