"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кожошев Чынгыз Эргешбаевичке сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.

Жаза Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук корго органдарынын тартиптик уставынын 54-пунктунун “а” пунктчасына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн берилди.

Тагыраагы, укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.