Жер айдоо иштери Баткен облусунун райондорунда, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак райондорунда жана Чүй облусунда башталган.
Айыл чарба министрлиги учурда бүткөрүлгөн жазгы талаа иштеринин сандык жана пайыздык көрсөткүчтөрүн берди:
Республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрү 64 миң гектарга эгилип, былтыркы жылдан 10 миң гектарга көп болду.
Облустарды алып караганда буудай себүү иши Чүйдө – 17%, Ошто – 34%, Баткенде – 24%, Жалал-Абадда – 5% бүткөрүлдү.
Арпа 20,4 миң гектарга себилип, Чүйдө 8%ы, Ошто – 23%ы, Баткенде – 26,5%ы, Жалал-Абадда 17%ы бүткөрүлдү.
Республика боюнча 2,3 миң га аянтка картошка отургузулуп, былтыркы жылдан 800 гектарга көп болду.