Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Бактыбек Максүтов менен манасчы Сапарбек Касмамбетовдун балалык чагы, өмүрү, чыгармачылык жолу, атактуу Шапак манасчыга кантип жолукканы, кайсы акындар менен айтышканы ж. б. тууралуу кеңири маектештик.
— Бактыбек агай, сиз манасчы Сапарбек Касмамбетов менен бирге жүрүп, ал кишини жакындан таанып билип калдыңыз. Адегенде манасчынын ата-энеси, балалык чагы тууралуу айтсаңыз?
— Касмамбетов Сапарбек 1934-жылдын 30-майында кереметтүү Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Атасы Тынаев Касмамбет өз учурундагы билимдүү, комузду мукам черткен, өнөр адамдарын сыйлаган, нарктуу адамдардын бири болгон. Энеси Сайраке Сыдык кызы жомок, дастан айткан, тилге, сөзгө маани берген, макал-лакаптарды куюлуштура айткан, кыргыздын каада-салттарын урматтаган, түшүнүгү кенен адам болгон. Сапарбек кичинекей, 7-8 жаш кезинде эле алп манасчы Саякбай Каралаевди, белгилүү акын Чалагыз Иманкуловду көрүп, алардын манасын, ырын угуп, сезимине жакын кабыл алган. Ал аксакалдардын азбы-көппү таасири тийип, кийин манасчы, акын болуп калышына шарт түзүлгөн.
Улуу Ата мекендик согуш жылдарында атасы каза болуп калгандыгына байланыштуу, турмуштун ыргагына көнүп, энеси менен барып, Кочкордогу таякелериникинде чоңоет.
— Залкар манасчы Шапак менен кандайча жолугушуп калат?
— Бармактай кезинен, согуштун каат жылдарында өзү курлуу балдар көргөн жашоону көрүп, ач болуп, ток болуп, колхоздун чарбачылык жумуштарына жардам берип жүрүп, атактуу манасчы Шапак Ырысмендеевге жолугуп калат. Чоң манасчы жаш баланы үйүнө ээрчитип барып, түндүн бир оокумуна чейин «манас» айтып берет. Сапарбек да манасты билишинче айтат. Кыраакы карыя баланын идирегин көрүп, келечегинен үмүт кылып, кичине болсо да баланы сыйлап, жокчулук мезгил болсо да аянбай, улагын союп, батасын берет. Ошондон баштап Сапарбек “Манасты” айта баштайт. Жетинчи класста окуп жүргөндө, Фрунзеден академиядан барган кишилердин сунушу менен «Манастан» билген жерлерин дептерге түшүрөт. Анын бала кездеги жазгандары бүгүн да Кыргыз улуттук академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турат.
— Акындыкты аркалаган адам өмүр жолунда сөзсүз өзү теңдүү, же өзүнөн улуу акындар менен айтышка түшөт эмеспи. Сапарбек манасчы кайсы акындар менен айтышкан?
— Сапарбектин Таластан чыккан таланттуу ырчы “сологой ырчы” Сооронбек менен айтышканын ушул убакка чейин кеп кылып жүрүшөт. Ошондой эле кыргыздын белгилүү акындары Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев менен чоң айтыштарга катышып келгендиги көпчүлүктүн эсинде.
— Сапарбек Касмамбетовдун Англияга барып «Манас» айтканы тууралуу укканыбыз бар. Ошол окуя жөнүндө айтып берсеңиз.
— 1995-жылдын 20-октябрында Улуу Британиядагы Лондон университетинин Борбордук Азия жана Кавказ институту менен Манчестер университети биргелешип уюштурган “Манас” улуу эпикалык поэманын майрамы” деген жолугушууга манасчы-дастанчы катары Сапарбек Касмамбетовду чакырышкан.
Манчестер университетинин Борбордук Азия жана Кавказ маселелери боюнча изилдөө тобунун координатору доктор Чильден Балим Гүлнара Касмамбетовага арнаган каалоосунда мындай деген:
“Урматтуу Гүлнара, “Манас” эпосуна арналып, 17-ноябрда өткөрүлгөн кеченин уюштурулушуна өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле сиздин атаңыз, мырза Касмамбетовго “Манастан” үзүндүнү эң сонун аткаргандыгына алкыш айтамын.
Сиздер уюштурган кече бир нече себептер менен чоң мааниге ээ болду. Анткени, Кыргызстан жөнүндө Британияда маалымат аз. Улуу Британиянын эли ошондой эле “Манас” эпосу жөнүндө да көп биле беришпейт. Ушул кечеде британиялыктар биринчи жолу “Манасты” угууга мүмкүнчүлүк алышты. Үчүнчүдөн, алар “манасчыны” билишчү эмес. Алар чыныгы манасчыны көрүп, өз оозунан угушту.”
2004-2005-жылдарда С.Касмамбетов жубайы Асангүл эже менен Лондондо 6 айча жашап келген. Бул мезгилде анын “Эр Кошой” жана “Билерик” эпосторун 24 саат бою айттырып, радиого жаздырышкан. Кызы Гүлнара англис тилине которуп, ал жердеги чоң окумуштуулардын кызыгуусун арттырып, китеп кылып чыгаруу боюнча бир катар аракеттер болгон. Китептин англис, кыргызча варианттары дискке жаздырылган. Черчиллдин үй-музейинде, ал өлкөнүн падышаларынын, мамлекет башчыларынын музейлеринде, жашаган жерлеринде, сүрөт жана тарыхый музейлеринде болушуп, жаратылышына, деңиз жээктерине саякат жасашкан. Өзгөчө Англияда уламыш катары айтылып келе жаткан, тоонун бооруна таш менен чегилип жасалган “Ак ат” деген жерде болуп, өз көзү менен көрүп, андан чоң таасир алып, видеотасмага түшүрүп, открыткасын, картасын алып, окумуштуу, түрколог Артур Хаттон деген адам менен С.Касмамбетов маектешип кайткан. Нечен кылымдар бою уламыш болуп келе жаткан Ак аттын Манастын Аккуласына тиешеси бардай. Бул уламыштын негизинде”Аккула” деген дастанды жазган.
Улуу Британиядагы Азия жана Африка изилдөө университети С. Касмамбетовдун варианты боюнча “Манас” жана “Семетей” эпосторунун негизинде компакт диск менен коштолгон англис тилиндеги китебин Лондон шаарында “Семар паблишерс” басмасы басып чыгарган.
2009-жылдын 26-майында Бишкек шаарында “Манас жана манасчылар – дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы” деп аталган эл аралык семинар болуп өткөн. Буга жогоруда аталган университеттин музыка бөлүмүнүн жетекчиси, дүйнөлүк музыка таануу боюнча белгилүү британдык профессор, 70тен ашуун китептин автору Кит Дейвид Хауард жана Кембридж университетинин Борбор Азия элдеринин фольклору боюнча адис, доктор Разия Султановалар катышышкан.
— Манасчы өмүрлүк жубайы Асангүл эже экөө канча баланы тарбиялап өстүрүштү?
— Сапарбек аба менен Асангүл эже бактылуу ата-эне. 7 уул-кызды тарбиялап өстүрүп, баарына жетиштүү тарбия-таалим, билим беришкен.
“Мен бүгүнкү күн менен эле жашабайм. Кечээкимди жана эртеңкимди ойлонуп, толгоном. Ырас, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок жокко жолдош болбой, тескерисинче Кудайым берээрин унутпасын деген илгери үмүт менен жашадым. Абаң экөөбүз карандай мээнетибиз менен беш кыз, эки уулубузду эрезеге жеткирип, туурларына кондурдук” — дейт Асангүл эже газетага берген маегинде.
Улуу уулу Сүйүнбек Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп жүрүп, 1986-жылы Москва шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин 12-фестивалын өткөрүүдө өзгөчө айырмалангандыгы үчүн Ардак белгиси ордени менен сыйланган. Карл Маркс стипендианты болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин кызыл диплом менен аяктаган соң, бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Даңк медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратын жетектеп келген. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы кызматында иштеп келе жатат.
— Азыркы Мамлекеттик катчынын элдик уламыштарга байланыштырып нарк-насил тууралуу кеп салганын көп эле угуп жүрөбүз. Мындай өнөр ал кишиге ата-энесинен өтсө керек?
— Сүйүнбек чоң энеси Сайракенин колунда өсүп, дайыма анын макалдаштырып, куюлуштура сүйлөгөн сөздөрүн, ыр-дастандарын угуп, таалим-тарбиясын алып өскөндүктөнбү, чыгармачылыкка жакын. Бош убактысы болуп калса комуз чертет, ырдайт, дастан айтат. Жолдош-жоролорунун, тели-теңтуштарынын арасында болгондо, акын, комузчу Корголдун буга чейин эл арасына анчалык белгисиз болгон “Ак бакай” дастанын өзгөчө эргип, ийине келтирип, өтө чеберчилик менен көркөмдөп айтат. Азыр эл арасында айтылып, теле-радиодон берилип жүргөн Корголдун “Ак бакай” күүсүнүн чыгыш себебин, маани-маңызын жогоруда аты аталган дастанды уккандан кийин гана толук, жетиштүү түшүнүүгө болот.
Учурда анын бир нече китеби жарык көргөн.
Улуу Кызы Гүлнара Лондондогу Би-Би-Си радиосунун кыргыз бөлүмүн бир топ жылдан бери жетектеп келе жатат.
Би-Би-Синин 75 жылдыгына карата Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын Башкы директорунун ошол кездеги орун басары А.Кадырованын куттуктоосунда мындай деген экен:
“… Учурунда Кыз Сайкал же Жаңыл Мырза элине кылычтын мизи, найзанын учу менен кызмат кылса, бул цивилизациялуу доордо Гүлнара Касмамбетова өзүнүн Арслан Капай уулундай намыстуу, таланттуу жигиттери менен калемдин учу, акылдын күчү, таланттын көрөңгөсү аркылуу улуу Кыргыз журтуна кызмат кылууда. Чындыгында жеке эле кыргыз жеринде эмес, жалпы дүйнө жүзүндө Гүлнара Касмамбетовага теңтайлашкан интеллигенттик деңгээли бийик, адамдык сапаты жогору аял заты чанда болсо керек…”
Гүлнара Касмамбетова Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин ардактуу профессору деген ардактуу наамга ээ болгон.
Акчолпон да эжеси Гүлнара менен бирге эмгектенет. Айнара болсо менеджер. Чынара да Би-Би-Сиде иштеп келген. Динара болсо технолог.
Бактылуу жубайлардын ондон ашык небереси бар. Алды жогорку окуу жайларын бүтүшүп, ар кандай кызматтарда иштеп жүрүшөт. Улуу небереси Эдил Сапарбеков “Азаттык” радиосунда кабарчы болуп иштеген. Эмил Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы болгон. Элдияр спортчу. Неберелеринен чет мамлекеттин жогорку окуу жайларынан окуп бүткөндөрү бар.
Өмүрбек Тиллебаев