"Эркин-Тоо"

Жазуучу Мамат Сабыров: «ЖҮРӨГҮҢ ЫЙЛАП ЖАТСА ДА ЖЫЛМАЙЫП ЖҮРҮШ, БИРӨӨЛӨР СЕНИ СӨГҮП ЖАТСА ДА КЕЧИРЕ БИЛҮҮ ӨТӨ КЫЙЫН НЕРСЕ”

— Агай, эмнеге өлүм жөнүндө көп жазасыз?

— Чү дегенде эле өтө оор суроо бердиң, карындашым… Бир жолу Жогорку Кеңештен Рахат Ачыловага жолугуп калдым. Анда эже мыйзам чыгаруу жыйынында депутат эле. Мени көрүп эле «жездең сени урушуп жатат. Айтып кой, жаш эле туруп кайра-кайра эле өлүм жөнүндө жаза бербесин деди», — дейт.

Чын эле, ошол кезде башка тема калбай калгансып өлүмдү эле жаза берчүмүн. Өзүм отуз беш эле жаштамын, өлүм эмне экенин жакшы түшүнбөйм деле. Тек, Эдгар Понун, Виктор Гюгонун чыгармаларын окуп алып, ошолордун таасири менен өлүмдү романтика сезип алсам керек да. Эркин жезде турмушту аябай жакшы билген кыраакы, терең киши болчу. Окуур замат менин ички абалымды, мен жазган нерселер жөн гана китептердин таасири экенин сезиптир да. Өлүм — бул сен ойноп, тамашалаша турган нерсе эмес деп эскерткендегиси экен. Ошондон кийин көпкө чейин өлүм жөнүндө жазбай калгам. Бирок, кийинки кездерде бул темага кайра кайрыла баштадым. Мурдагылардан айырмаланып, бул отуз беш жаштагы дүйнөкапар, көпкөлөң жигиттин кур чечен сөздөрү эмес, кечээ эле чогуу жүргөн жакын досторунун, теңтуштарынын бир тобун жерге берип (мени менен бир группада окуган он беш жигиттин ону кайтыш болуп кетишти), өлүм эмне экенин сезип-туюп калган, бир күн мага да кезек келет да деп күтүп, ага даярдык көрүп жүргөн кишинин ой толгоолору. Азыр мен ушундай курактамын, өлүмдү канчалык эстебейин десем да чачымдын агы, бирде белиңди, бирде бутуңду “тыз” эттирген оору жүрөккө сайып, эстетип турат…

— Ушул нерсе сиздин «Кабыр» аттуу аңгемеңизде өзгөчө сезилет экен.

— Кечээ эле интернет сайттан окудум. Японияда шумдуктай бир кафе ачылыптыр. Кафенин ичине кадимки эле адам көз жумганда салынчу табыттар коюлуп, каалоочулар ага жатып көрүшөт экен. Албетте, ал жер кафе, тамактанчу жай болгон соң жапондордун бул экспериментинде бизнес да, шоу да жок эмес дечи. Бирок, ошентсе да караңгы табыттын ичинде бир эле мүнөт жатып көргөн киши жашоого башкача көз менен карай баштайт, өмүрдүн баркын, жакындарынын, досторунун кадырын түшүнөт. Пенде байкуш табиятынан ушундай жаралган, өзүн дегеле өлбөчүдөй сезет. «Кеткендерди көрсө да андан сабак алышпайт» — деп даанышман Ахмат Яссавий айткандай, жакындары, достору көз жумганын көрүп, азыр эле топурак салып келсе да мен өлбөй калам го, өлсөм да али бери эмес деп ойлойт.

Өлүм – ак. Туулмак бар экен, бир күн өлмөк да бар. Ошондуктан адам дайыма өлүмдү эстеп, ар күнү ага даяр туруш керек (Бирок, бул тагдырыңа нааразы болуп, өлүмдү тиле дегендикти туюндурбайт). Өлүмдү эстөө – бул акыретке кам көрүү. Өлүмдү эстеген адам жүрөгү тазаланып, башына түшкөн кыйынчылыктардын баарын сабырдуулук менен көтөрөт, өзүн жаман сөздөрдөн, күнөө иштерден тыйып, колунан келишинче бирөөлөргө жакшылык кылганга аракет жасайт. Ошондон улам Чыгыштын даанышмандары өлүмдү такай эстеп туруш үчүн үйлөрүн атайын көрүстөндүн жанына салышкан, кээ бирлери өз кабырын өздөрү казышкан. «Кабыр» аттуу аңгеме мына ушул тууралуу.

— Бактылуулук дегенди кандай түшүнөсүз? Анын формуласы барбы?

— Бир даанышман үйүндө отурса бир жигит келип, «ава, жашоодон кыйналдым, ишим жок, балдарым ачка, аялым акча таппайсың деп кетип калды, эми мен эмне кылышым керек? — деп кеңеш сураптыр. «Азыр үйүңө баргын дагы бир кагазга «Мунун баары убактылуу» деп жазып, көрүнөө жерге илип кой», — дептир анда даанышман. Арадан бир ай өткөн соң жанагы жигит кайра келет. «Иш таптым, балдарымдын курсагы ток, аялым кайра келди», — дейт чечекейи чеч болуп. «Жакшы болгон экен — дейт даанышман.  Бирок, жанагы кагазды дагы эле алба. Күнүгө окуп тургандай бол». «Эмнеге?» деп сурайт жигит таң калып. «Себеби, бүгүнкү кубанычың да убактылуу».

Анын сыңарындай, бу жашоодо бардыгы: байлык, бийлик, кайгы-капа, кубаныч да убактылуу (бекеринен биздин ата-бабалар бу дүйнөнү «жалган дүйнө» деп атаган дейсиңби). Ошондуктан, адам башка түшкөндүн баарына токтоо карап, сабырдуу болуп, кыйналса мүңкүрөп, сүйүнсө чалчаңдап кетпеши керек. Чыгыш философиясындагы бактылуу жашоонун формуласы ушул. Даанышман кыргыз болсо муну кыска гана кылып «барга көппө, жокко чөкпө» деп коёт.

— Кээде орусча аңгемелериңизди окуп калабыз. Сиз өзүңүз орусча жазасызбы, же алар котормобу?

— Кубат акенин чыгармалары баратып эле орусча болуп кетет эмеспи. Бир жолу себебин сурасам устат: «кээде ой ушинтип орусча келип калат», — деди эле. Мага да кээде ой орусча келет. Бул орусча китептерди көп окугандын таасири го деп ойлойм. Себеби, тил үйрөнөм деп студент кезден жалаң орусча китептерди окучумун да. Баягында бир аңгемемди фейсбукка «Уволенный» деп орусча ат менен жарыяласам, окурмандардын бири орусча атасам эле элдин көңүлү бурулуп, жазганымды окуйт го деп ойлойт окшойсуң деген мааниде комментарий жазыптыр. Бирок, мен орусча атты андай максатта койгон эмес элем. Биринчиден, чыгарманын атын башка тилде койгон дүйнөлүк адабиятта колдонулуп эле жүргөн практика. Мисалы, Шукшиндин «Миль пардон, мадам», Кубат акенин «Бей по воротам» сыяктуу аңгемелери бар. Экинчиден, кээде чыгарманын мазмуну, логикасы өзү ошону талап кылып калат.

— Кубат аке демекчи, китебиңизде ал кишинин бир топ интервьюлары жүрөт…

— Билесиң да, Кубат аке менин устатым. Ал кишини ээрчип, чогуу жүргөнүмө мына жакында кырк жыл болот. Экөөбүз ээрчишип баратканда (ал киши дайыма жөө жүрөт), чай ичип отурганда сүйлөшкөн сөздөрүбүздү, устаттын жашоо-турмуш, адабият тууралуу ойлорун, мага айткан кеңештерин кагазга түшүрүп, башкаларга да пайдасы тийип калабы деген ниетте гезитке берип койчумун. Кырк жылдын ичинде менин эсебим боюнча бери эле жагы отуз-кырктай маегибиз жарык көргөн. «Асаба», «Агым» гезиттерине эки күндүн биринде эле чыгып атчу. Анан быйыл ошолорду чогултуп, өзүнчө бир жыйнак чыгарып коёюн десем, китепканадан болгону 10ун араң таптым. Китеп палатасында толук сакталат дешкенинен барсам, ал жердегилер «биздики кол тийбес фонд, берилбейт» деп коюшту. Айла жок, ошол он маек менен каниет кылганга туура келди. Бирок, дале үмүтүм бар, калгандарын да таап калсам балким, келечекте өзүнчө китеп болуп чыгаар…

— Кандай китептерди окуйсуз?

— Жыл сайын Жогорку Кеңеш журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, китеп сатып алууга сертификат берет. Быйыл да 3 миң сомго берди эле ошол замат «Раритет» дүкөнүнө барып, Шекспирдин, Маркестин, Кафканын, анан Булгаковдун китептерин сатып алдым. Азыр ошолорду окуп жатам. Бул авторлордун чыгармаларын буга чейин да далай жолу окугам, азыр кайра барактап, көз жүгүртүп жатам. Албетте, жаш кездегидей колго тийген эле китепти жата калып окумай жок азыр. Бирок, Достоевский, Чехов, Шекспир, Фолкнер, Кавабата сыяктуу керемет жазуучулар бар, аларды кайра-кайра окугандан тажабайт киши. Гениалдуу китептердин касиети ушунда — улам окуган сайын жаңы ачылыш жасап, жаңы ой табасың.

Ал эми өзүбүздүн азыркы кыргыз авторлорунан болсо Абдиламит Матисаковдун, Абдыкерим Муратовдун, досум Султан Раевдин, Топчугүл Шайдуллаеванын, Арслан Койчиевдин ар бир жазган чыгармасын калтырбай окуйм.

— Жашоодон күткөнүңүз эмне?

— Марина Цветаева деген акынды билесиң да. Ошол сен азыр мага бергендей суроого «мен бир гана нерсени – мени көргөндө адамдар сүйүнүп кеткенин каалайм», — деп жооп берген. Жөнөкөй көрүнгөнү менен бул аяба-ай кыйын нерсе экен, карындашым. Сени көргөндө башкалар сүйүнүп кетиши үчүн сен айланага жарык чачып, башкаларга жылуулук тартуулаган дили таза адам болушуң керек. Сабырдуу, жакшы адам болуш, жүрөгүң ыйлап жатса да жылмайып жүрүш, бирөөлөр сени сөгүп жатса да чыдап, кечире билүү өтө кыйын. Мындай сапатка жетиш үчүн кээде көп жылдарың кетсе, кээде бүт өмүрүң сарпталышы мүмкүн. Бирок, бул ошого арзый турган нерсе…

                                                                                          Маектешкен  Махабат Саидрахманова

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!