Адабияттын тарыхында улуу жазуучулардын көзү өтүп кеткенден кийин жарыяланган мыкты чыгармалары болот. Мисалы, атактуу жазуучу Франц Кафка тирүү кезинде бааланган эмес. Автор өзү да китептерин жарыкка чыгарганга ашыкпаган. Ал турсун жарык дүйнө менен коштошордо, жакын досунан өзүнүн кол жазмаларын өрттөп жиберүүнү өтүнгөн. Бирок, досу ал шартты бузуп Кафканын чыгармаларын чыгарып жиберген. Дал ошентип жазуучунун чыгармалары автордун көзү өтүп кеткенден кийин жарык көрүп, дүйнөлүк баасын алган.
Жакында Улуттук илимдер академиясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кол жазма түрүндө сакталып, китепке кирбей калган чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду. Анда мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, адабиятчылар, сынчылар өз ойлорун ортого салышты.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын Баатыры Апас Жумагулов:
— Мен Чыңгыз Айтматов менен 5 жылдай чогуу бир иштешип, аралашып калдым. Ошондо анын кандай абройлуу адам экенин өз көзүм менен көрдүм. 2002-жылы Европанын премьер-министрлери катышып, миңдей адам отурган жыйында Чыңгыз Айтматовдун швед тилине которулган чыгармаларынын бет ачарын кылышты. Аны Айтматов
өзү билбейт экен. Чакырып барып жыйынга отургузушту. Абдан чоң сөздөрдү айтышты. Миңдеген адамдар чогулган жыйындарда Чыңгыз Айтматовго суроолорду беришип, 4-5 саат болсо да жооп берчү. Германияда өтө белгилүү, сүйүктүү жазуучу катары көрүшчү. Анын чыгармаларын окубаган немис калбаса керек.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, КРнын Баатыры Медеткан Шеримкулов:
— Айтматовдун чыгармаларын кайра-кайра окуш керек. Бир окуп коюу мүмкүн эмес. Канча жылдан бери Чыңгыз Айтматовдун атын чыгарып, даңктап келе жаткан Абдылдажан Акматалиевге чоң рахмат. 2028-жылы боло турган 100 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Евросоюзга да, дүйнөлүк уюмдарга да кайрылыш керек.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов:
— Айтматовдун даанышмандыгы, көрөгөчтүгү кайсы заман болбосун актуалдуу бойдон кала берет. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына келген офицер Сергей
Каташтан укканымды айтып берейин. “Биз казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовго кирели деп көпкө күтүп калдык, бир убакта эле сырттан жаш жигит шуулдап кирип баратат. Биз аны токтотуп кезек бар экенин айткыча, Мухтар ага чыгып калды. Биз менен учурашып, “бул жигит кыргыз, келечекте чоң жазуучу болот” деп бизге тааныштырып баягы жаш жигитти кучактап алып кирип кетти. Биз таң калып, Мухтар Ауэзов өзү ушунча сыйлап жатса, жөн бала эмес го деп ойлоп калдык. Ошондон кийин анын чыгармаларын калтырбай окудум. Кийин атактуу болгондо мени сыйлап, баягы окуяны кайра мага айтып берди. Ошондон кийин жакшы мамиледе жүрдүк” деп эскерди.
Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков:
— Мамлекеттин өнөр адамдарына болгон мамилеси кандай? Улуу Ата Мекендик согуш жүрүп жаткан учурда Казак өкмөтү Жамбылга заңгыраган үй салып берген. Ал азыр да турат. Мухтар Ауэзовго Чолпон-Атага үй салып беришкен. Айтматовго үй салынса болот беле? Ал азыр музей болмок. Азыр жаңы чыгып жаткан чыгармаларын кыргыз тилине которуу үчүн конкурс жарыялаш керек. Эң мыктысы тандалса гана китеп кылып чыгаруу зарыл. Болбосо ар ким которо бергенге болбойт.
Сырттагы адамдар бизге караганда Айтматовду абдан жакшы көрүшөт. “Булар кантип баркына жетип жатат” деп да келишет. Андыктан 100 жылдыгына жакшылап даярдануу керек. Айтматов үчүн шаардын ичине борбор куруу керек, анын ичинде баары болот.
КР Соода палатасынын директору, коомдук ишмер Темир Сариев:
— Айтматовду даңктоо – кыргызды даңктоо, Айтматовду дүйнөгө жайылтуу – кыргызды дүйнөгө жайылтуу. “Жамила” чыгармасында тунук сүйүү бар. Ал эң көп басылган чыгарма болду. Айтматовдун 100 жылдыгын өткөрүүгө саясий чечим керек. Мен ачык айтайын, Айтматовду учурунда сактай албай калдык. Ал дагы көп жашамак. Кызматынан кетиришип, келсе кабыл албай да коюшкан. Улуу кишилер өтө жөнөкөй болот, көңүлү да назик. Эми мындан аркысын жакшы уюштуруп алалы.
ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев:
— Ушул күндөрү адабиятта чоң окуя болууда. Буга чейин Айтматов жөнүндө көп сөз болду. Эми биз Айтматов калтырган мурасынын өрү, руханий мотивациясы жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Айтылган башка, практикалык иштерди жасоо өтө зарыл. Бишкекте Айтматовдун музейи барбы? Жок. Алдыда 100 жылдыгы келатат. Ага эмне иш менен барабыз? Эл аралык уюмдар Президенттин Указын күтүп жатат. ХХ кылымдагы ойчулдун трансформациясын көрөлү десек, Указ керек. Анкарада Айтматов институту түзүлдү. Максаты – Чыңгыз Айтматовдун мурасын, идеясын жайылтуу. Айтматовдун маңкурту дүйнө жүзүндө изилденип жаткан темага айланды. Ал кара ядронун бири. Ал которулбайт, дүйнөгө кыргыз термини катары кирди. Учурунда Айтматов өзү “Ысык-Көл” форумун уюштуруп, дүйнөлүк илимпоздорду, жазуучуларды, Ленин, Нобель сыйлыктарынын лауреаттарын чакырып, чоң сөздөрдү козгогон. Эмгиче ал форумдун маанисин эч ким изилдей элек. Биздин азыр “Ысык-Көл” форумун уюштуруп, дүйнөдөгү өтө белгилүү адамдарды чакырганга моралдык укугубуз бар. Кезинде муну Горбачев “жаңы ой” деген. Азыр биз ТҮРКСОй уюму “Жамила” повестин орток тилде үлгү катары чыгарып жатабыз.
КР Президентинин кеңешчиси, КР эл жазуучусу Арслан Койчуев:
— “Жазылбай калган саптардын жаңырыгы” деп бекер айтылбаптыр. Архивден Жусуп Абдрахмановдун “Менин элимдин аты тарыхта сакталып калууга татыктуу” деген сөзү табылды. Чыңгыз
Айтматов да “Кыргыз элим дүйнөлүк аренада татыктуу ордун табат” деп айткан. Жаңы чыгып жаткан китебиндеги “Золото и снег” чыгармасы сүйүү темасына арналган укмуш сонун чыгарма. Оймо менен Батайдын ортосунда айтылбай калган сүйүү бар. Кайра-кайра окуп чыгыш керек.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ