"Эркин-Тоо"
Балдардын баёо дүйнөсү Эркин Тоо гезити

ЖАҢЫ МУУНДУ АТА-ЭНЕ ЭМЕС, ДҮЙНӨ ТАРБИЯЛАП ЖАТАТ

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык бурчунда “Z мууну” деген түшүнүк кеңири айтылып келет. Бул – санариптик доордо төрөлгөн, смартфон жана интернет менен чогуу чоңойгон жаштар. Алар үчүн маалымат булактары, социалдык тармактар жана медиа жашоонун табигый бөлүгү болуп калды. Бирок, дал ошол эле көрүнүш алардын психологиясына жана дүйнө таанымына терең таасир этүүдө. Учурда Кыргызстанда да бул муун өспүрүм кезин баштан кечирип, коомдун ар тармагына аралашып жатат. Алар жаңы идеялардын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн өкүлү. Бирок ошол эле учурда «депрессия, тынчсыздануу, көңүлдү топтой албай калуу сыяктуу көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө» деп белгилешет айрым психологдор. Бул – заманбап медианын түздөн-түз таасири.

Демек, бүгүн Z мууну жөнүндө сөз кылганда, алардын санариптик чөйрөдөгү жашоосун жана ошол чөйрөнүн психологияга алып келген өзгөрүүлөрүн терең талдоо  коом үчүн абдан маанилүү. Ушул доордо төрөлгөн Z мууну, башкача айтканда “зеттер” бүгүн мектеп партасында отурган, университетте билим алган жана жаңыдан жумуш дүйнөсүнө аралашып жаткан муун болуп калды. Азыр жашоону смартфон, интернет жана социалдык медиасыз элестетүүгө болбойт. Бирок ушул эле медианын алардын психологиясына тийгизген таасири коомчулук үчүн чоң суроолорду жаратууда.

Изилдөөлөргө таянсак, Z мууну 1997–2012-жылдар аралыгында төрөлгөндөр. Кыргызстанда алар бүгүнкү күндө мектеп окуучулары, студенттер жана жаш адистер.

Z муун тууралуу терең иликтеп жүргөн заманбап психолог айымдардын бири Барчынай Кадырбекова бул муундун өзгөчөлүктөрү тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон: “Бул муунду ата-эне, мугалимдерден мурун дүйнө тарбиялап жатат. Биздин “кыргызча” кол көтөрүп, зордоп тарбиялаганыбыз аларга өтпөйт. Булар ата-энеге же мугалимге эмес, эркиндигине, укугуна, өзүнүн каалоосуна таянышат. Фальшты, рамкага түшкөндү жаман көрүшөт. Z муундун балдары интернеттен кооз сүрөттөр менен же күчтүү образдар менен жашоону кабылдап жатышат. Ата-эне сөз менен тарбиялайт, сөз адамга 7% гана таасир берет. Эмоция адамга 38% гана таасир берет. Ал эми сүрөт же образ мээге 55% таасир берет. Демек, тарбияда кайра эле интернет утуп кетип жатат. Алардын каармандары социалдык тармактагылар же оюндардагы каармандар. Ата-эне баласын түшүнүү үчүн алар менен тең тайлаша технологияны, психологияны окушу зарыл. Мезгил менен кошо жарышуу керек. “Биздин заманда мындай эле” деген рамканы жоготуу керек. Негизи эле улуу муундун милдети – азыркы муунду руханий жактан толтуруу… Кыргыздын өзөгүнө кайтуу менен, аларга ата-бабалар тууралуу айтып берүү менен, боз үйгө жашатуу, ат минип, кымыз ичирүү менен да толтурса болот. Табиятка чыгуу, тоо койнунда эс алуу сонун жыйынтык берет. Ички дүйнөсүн ачып баарлашуу, спорт менен машыктыруу аркылуу руханий дүйнөсүн толтура алабыз. Бул муундун артыкчылыгы илим-билимди тез кабылдайт, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билет, өзүн-өзү баалоосу күчтүү. Көргөн нерсесин ойлонуп отурбай тез жасайт, коркпойт. Байлыкка, статуска эмес, адамдарга, дүйнөгө кызмат кылгысы келген муун. Кемчилиги дайыма өздөрүн жалгыз сезет. Анткени, алар жашоосунда жок эле адамдарды каарман кылып алып жатышпайбы, чыныгы колдой турган адамы жоктой сезишет. Кийинки 10 же 20 жылдыкта Z муундун ар бирине бирден психолог керек болуп калган убак келет деп жатышат изилдөөчүлөр. Руханий жактан алсыз. Жан дүйнөсү бир нерсе менен толбой эле жүрө берүү коркунучу бар”.

Психологдордун байкоосуна караганда, дүйнөдө акыркы он жылдыкта өспүрүмдөрдүн жана жаштардын арасында депрессия жана тынчсыздануу деңгээли кескин жогорулаган. Кыргыз коомунда да бул көрүнүш байкалууда. Айрыкча кыздар арасында сырткы келбетке байланышкан комплекстүүлүк арбын байкалат дешет.

Америкалык социолог-психолог Жонатан Хайдттын белгилөөсүндө, смартфондор жана социалдык медиа кеңири колдонулгандан кийин (2012-жылдардан тартып) өспүрүмдөр арасында тынчсыздануу жана депрессиянын деңгээли кескин өскөн. Z жаштарынын дээрлик жарымы социалдык медианы көп колдонуудан улам өзүн башкалардан “артта калгандай” сезери белгилүү болгон. Ал эми Кыргызстанда TikTok жана Instagram Reels сыяктуу платформалар кыргыз жаштарынын күнүмдүк жашоосуна бекем кирип кетти. Мугалимдер сабак учурунда балдардын көңүлү бат чачырап, бир нерсеге узак убакытка көңүл бура албай калганын айтышат. Психологдор муну “көңүл буруу экономикасы” («attention economy») деп атап, креативдүүлүккө жана терең ой жүгүртүүгө тоскоол болот дешет.

Бирок медиа толугу менен терс көрүнүш эмес. Кыргыз жаштары интернет аркылуу билим алып, чет тилдерди, IT адистигин өз алдынча үйрөнүп жатышат. Көпчүлүгү онлайн-курстардан өтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда. Ошондой эле социалдык темаларда активдүү болуп, климаттык өзгөрүү же адам укугу боюнча талкууларга катышып келишет.

Дагы бир өзгөчөлүгү, Z муун виртуалдуу дүйнөдө активдүү болгону менен жандуу байланыштарда кыйынчылык тартышат. Көпчүлүк жаштар интернет аркылуу жүздөгөн достору бар болсо да, чыныгы жашоодо жалгыздык сезимине туш болуп жатышат. Бул дагы алардын психологиялык абалына түздөн-түз таасир этүүдө. Психологдор муну «парадокс» деп аташат: онлайнда активдүү, офлайнда жалгыздык күчөйт. Ошол эле учурда көптөгөн жаштарда уйку жана биоритм көйгөйү бар. Түн ичинде телефон колдонуудан улам жетиштүү уктабай калышат. Эксперттер эскерткендей, жетишсиз уйку тынчсызданууну күчөтүп, агрессияга да алып келет.

Психологдордун кеңешине таянсак, адамдар өзүнүн жана балдардын медиа колдонуу убактысын көзөмөлдөп, турмуштагы жандуу баарлашууну жана спортту, чыгармачылык сыяктуу активдүүлүктү көбөйтүү менен көп көйгөйдөн арылууга болорун айтышат.

 Махабат Саидрахманова