"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Жаңы окуу китептери мектептерге таратылууда

Кыргызстандагы башталгыч класстардын окуучулары үчүн жаңы окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы тапта «Математика» (1-класс) жана «Мен жана дүйнө» (1-класс) китептери 295 880 нускадан басылып чыгып, мектептерге жеткирилди. Ал эми «Математика» (2-класс) — 344 660 нускада таратылууда. «Табигый илимдер» (2-класс) китеби басууга даярдалууда.

Белгилей кетсек, Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесине табигый илимдер, математика жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди колдонуу укугу алынган.