"Эркин-Тоо"

Жеңишбек Токторбаев: Кызыл сызыктан чыккан курулуштар алынат

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Оштогу Бобулов, Өзгөн, Навои, Кара-Суу жана Раимбеков көчөлөрүн кыдырып, текшерүү жүргүздү.

Шаар башчысы алгач жогорудагы көчөлөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Андан соң аларды иретке келтирүү, кызыл сызыктан чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, тротуарларды тосулган тосмолордон бошотуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Ошондой эле жолду кеңейтүү жана жаңы жашыл аймактарды түзүү боюнча ар тараптуу иштерди алып барууну тапшырды.

Пример HTML-страницы