Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жаңы башчысы болуп Жеңишбек Жоробеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Жеишбек Жоробеков Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулду.
КР ИИМдин буйругу менен Ош ОИИБдин башчысы милдеттерин убактылуу аткаруу, мурунку ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерин аткарууну бошотуу менен, милициянын полковниги Нурланбек Буркановго жүктөлдү.
Ал эми милициянын полковниги Мирлан Ниязалиев Ош облусунун Араван РИИБдин башчысынын милдеттерин убактылуу аткарат.