Кыргыз поэзиясынын өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмоновдун «Жеңишбек» поэмасы кандуу согушта жалгыз уулу Жеңишбектен ажыраган Миңбай аттуу карыянын күйүттүү арманын баяндайт эмеспи. Ал баласынын курман болгону тууралуу «кара кагазга» ынанбайт, уулу өлдү деген кабарга моюн сунгусу келбей, уулун күнү-түнү күтүп зарыгып жол карайт. Уулунун согушта курман болгонун билсе да, жалгызын ойлоп, жан дүйнөсү жанчылса да кайратынан жазбай, көк мелжиген көлдү тиктеп дүйнө, өмүр менен сүйлөшкөн карыя…
«Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун» — деген саптар бир үй-бүлөнүн трагедиясы туурасында жазылган «Жеңишбек» аттуу чыгармасынын прологу.
Дал ушул “Жеңишбек” поэмасын боёктор менен сүрөткө түшүргөн уз чебер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты – Макен Жапарова. Төмөндөгү сүрөттө кыргыздын туш кийизи, тоо гүлдөрүнүн галереясы, тынчтыктын ак кептерлери символ катары түшүрүлгөн. Эмгекте карыя менен уулунун элеси жана комуз камтылган. “Мындагы түзүлгөн сюжет — бир бүтүндүктү туюндурат. Быйыл кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы да кыргыз поэзиясы үчүн маанилүү дата экени анык. Аны менен катар 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн босогосунда турабыз. Аталарыбызга таазим”, — дейт М.Жапарова.
Элдик чебер Макен Жапарова
Мээрим Бактыбек кызы