Баткен облусунун мурдагы губернатору Жеңиш Разаков камакка алынды. Маалыматты күч органдары бекемдеп, Жеңиш Разаков кесиптеши, Баткен облусунун мурдагы губернатору Арзыбек Бурхановдун арызынын негизинде кылтакка илингенин каңкуулашууда. Баткен облусун бир топ жыл жетектеп, Коопсуздук кеңешинин катчысы, вице-премьер-министр өңдүү өңчөй бийик посттордо олтурган Разаков камакка алынып, ага карата тагылган айыптарга коомчулуктун бир катар тобу ишенбегендей түс жаратышууда. Каарманыбыз “ак” болсо, мыйзам талаасында өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдеп азаттыкка чыгаар.