"Эркин-Тоо"

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: “КРУПСКАЯ – ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАККА АЙЛАНУУДА»

Сокулук районуна караштуу Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек ЭДИГЕЕВ

Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Крупская атындагы айыл өкмөтү Сокулук районунун эң жыш жайгашкан айыл аймактарынын бири. Крупская атындагы айыл аймагынын социалдыкэкономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары болуп өнөр жай, айыл чарбасы, курулуш, социалдык багытта жана башка тармактарды өнүктүрүү болуп саналат. Крупская атындагы айыл аймагы 1980-жылы негизделген. Курамы Сокулук, Арал жана Алыскы Арал, 1-Май айылдарынан турат. Жалпы саны 4140 кожолук түтүндө 10дон ашуун улуттун өкүлдөрүнөн куралган 18 200 адам жашайт. Айыл аймагында 3 орто мектеп, 1 толук эмес мектеп, 1 лицей колледжи, 2 ФАП, 1 ҮБДТ, 1 аймактык оорукана, 24 өндүрүш жана мекемелер бар. Андан тышкары, 1 музыкалык мектеп, 2 бала бакча, 1 маданият үйү, 2 спорт комплекси, 1 китепкана, 5 мечит, 1 чиркөө жайгашкан. Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эдигеев Жеңишбек Кубанычбекович бул аймакты бир топ жылдан бери жетектеп келе жатат. Жеңишбек мырза менен болгон баарлашуубузда айыл аймакта бараандуу аракеттердин аркасы менен жаралып жаткан ийгиликтер туурасында сөз болду.

— Жеңишбек мырза, айыл аймактарынын негизги көйгөйү калкты таза суу менен камсыз кылуу экени талашсыз. Оболу маегибизди ушул багытта баштасак.

— Жакшы болот. Калктын саламаттыгын сактоо, ден соолугуна кам көрүү, тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Айыл аймагындагы Сокулук айылынын калкын таза суу менен Сокулук айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, ал эми 1-Май айылынын тургундарын ичүүчү суу менен Сай-Булак СООППВсы камсыз кылууда. Арал айылынын тургундарына таза суу Артезиан скважинасы аркылуу жеткирилип турат.

Айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу ички, тышкы инвесторлор жана кайрымдуулук фонддордун жардамы менен ишке ашырылууда. Учурда калктын 87 пайызы ичүүчү суу менен камсыз болушкан. Буюрса, жакынкы жылдарда калкыбыздын ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгын жоёбуз.

— Айылдын элинин жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн инфратүзүмдөрдү жакшыртуу маанилүү эмеспи. Ушул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?

— Айыл тургундары негизинен жергиликтүү өндүрүш тармактарында эмгектенишет. Крупская атындагы айыл аймагынын администрациясы карамагындагы айылдардын социалдыкэкономикалык жактан өнүгүшүнө жана социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында бир топ иш-чараларды жасап жатат. Ал аракеттердин натыйжасында айылдык аймак: инфраструктурасы, өндүрүшү алдыга жылган, жогорку квалификацияланган адистери бар, айылдары таза суу менен, билим берүү тармагы кесипкөй кадрлар, окуу китептери жана бардык зарыл болгон жабдыктар менен камсыз болгон. Саламаттыкты сактоо тармагы элге сапаттуу кызмат көрсөткөн, бардык курактагы элдердин эс алуусуна ыңгайлуу шарттары бар айыл аймактардын катарын толуктаган, өнүгүүнүн жолундагы айыл аймакка айланууда.

Андан тышкары жолдордун абалына дыкат мамиле жасап, капиталдык оңдоого көңүл бөлүнүүдө. Коммуналдык жактан тейлеген “Таза айыл” муниципалдык ишканасы таштанды калдыктарынан арылтуу менен элге кызмат көрсөтүүдө.

Ошондой эле айыл аймагындагы көчөлөрдүн бардыгы жарыктандырылган. Күн батареялары менен көчө жарыктарын орноттук. Алар электр жарыгын 7-8 саатка гана берет экен.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, санитардык тазалоо, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселеси. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык “Жашыл мурас” ишчарасынын алкагында айыл аймагына көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлдү. Быйылкы жылы демөөрчүлөр тарабынан Алыскы Арал жана 1-Май айылдарына 250 даана верба, павлония, кара өрүк бак-дарактары отургузулду.

Ички жолдорго жол белгилери орнотулду. Арал жана 1-Май айылындагы водозабордун айланасы тосулду. Айыл аймагында 6 жерге балдар аянтчалары курулду. Чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн Р-16 каналындагы суу чыгаруучу жерге капиталдык оңдоо жана гидротехникалык курулуштарды орнотуу иштери жүргүзүлдү. Айылдардагы ички суу түтүктөрү жаңыланды.

— Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармагында абал кандай?

— Билим берүү тармагына токтолсом, айыл аймагынын карамагында 4390 окуучу окуган, 230 мугалим эмгектенген 4 жалпы билим берүү орто мектеби балдарга тарбия берип келет. Ошондой эле учурда 409 бала тарбияланып жаткан, 39 тарбиячы эмгектенген 2 бала бакча бар. Андан башка 100 студент билим алган №114 кесиптик лицей заманбап адистерди даярдайт.

Аймактарды санариптештирүү максатында бардык мектептер жана бала бакчалар интернет тармагы менен жана компьютер, принтерлер менен камсыздандырылган. 2022-2023-окуу жылына карата айыл аймагында жайгашкан бала бакча, билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык техникалык базасын бекемдөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты каралып, иштер жүргүзүлүп келет. Айыл өкмөтү жыл сайын мектептерди утурумдук оңдоо иштеринен өткөрүп, керектүү жабдыктар менен камсыз кылып турат.

Калктын саламаттыгын сактоо жаатында Крупская айыл аймагына караштуу Жакынкы Арал жана 1-Май айылдарында калкты медициналык жактан тейлөө пункттары, 1 ҮБДТ, 1 аймактык оорукана жайгашкан. Республикалык кургак учук оорусунун алдын алуу программасын ишке ашыруу максатында социалдык кызматкерлер медициналык кызматкерлер менен биргеликте мындай илдетке чалдыккан тургундардын тизмесин тактап, айыл өкмөт тарабынан материалдык жардам көрсөтүлүп келүүдө. Кургак учук дарты менен ооруган 6 тургунга 3000 сомдон 18 000 сом ден соолугун чыңдоого жардам катары бөлүндү.

Ошондой эле 1-Май айылында түзүлгөн “Ден соолук” комитети долбоорлор менен иштеп, айыл тургундары арасында ар кандай оорулардын алдын алуу боюнча иш жүргүзүүдө. Айыл аймагында медицина түйүндөрүнүн кызматкерлери, көчө комитеттери менен биргеликте эл арасында (кызматкерлер арасында) коронавирус оорусуна каршы вакцина алуу боюнча иш-чараларды алып барышууда.

Ал эми маданият жана спорт боюнча айта турган болсом, айыл өкмөтү тарабынан тургундарыбыздын эс алуусуна, спорт менен машыгуусуна көп көңүл бөлүнүп келет. Биздин спортчулар райондук, облустук ар кандай мелдештерге катышып, футбол, волейбол, күрөш, көк бөрү оюндарынан байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт. Жаш спортсмендердин эл аралык спорттук мелдештерге чыгуусуна жана спорттук формаларды сатып алуусуна жергиликтүү бюджеттен акча каралып, бөлүнүп берилип турат. Маданият тармагынын кызматкерлери дагы республикалык деңгээлде өз өнөрлөрүн тартуулап келишет.

— Өткөн жылдары аймакта сугат суусунун тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салып койду эле. Ошону менен бирге мал чарбасында ветеринардык кызмат көрсөтүү дагы актуалдуу болуп баратпайбы. Ушул маселе боюнча эмнелерди айта аласыз?

— Туура айтасыз, өткөн жылдары сугат суусунун тартыштыгы болгон. Жыл башынан эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен ирригациялык системаларга өзгөчө көңүл бурулуп, тазалоо иштеринин алкагында техниканын жардамы менен 3500 метр сугат арыктары, 20300 метр аралыктагы арыктар айыл тургундарынын жумушчу күчүнүн жардамы менен тазаланды. Быйылкы жылы сугат суусу менен камсыз кылууда маселе жаралган жок.

Мал чарбачылыгы биздин аймактын кирише берүүчү тармагы болуп эсептелет. Айыл аймагында көптөгөн жылдардан бери көйгөй жаратып, чечилбей келген бир маселе бар эле. Сокулук айылынын Фрунзе – Белинский көчөсүндө жайгашкан Байыш мал базары санитардык талаптарга жооп бербей, тургундарга экологиялык жактан зыян келтиргендиги үчүн калктуу конуш жайгашкан жерден алыс жайдан 8 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди. Тиешелүү мекемелерден бардык кагаздар даярдалып, райондук жер комиссиясынын корутундусунун негизинде райондук администрациясынын мал базарды которууга жерди трансформациялоо тескемеси даярдалып, курулуштун капсуласы куюлуп, курулуш иштери башталды.

Чынын айтайын, акыркы жылдарда элибиздин короолору малга толуп, бакубат жашоого зор аракеттерди жасап жатат. Канчалык мал көбөйгөн сайын ошончолук түйшүк артып, жаңыча умтулуулар күч алууда. Айыл аймагы боюнча ири мүйүздүү малдарды аныктоо (идентификация) иши бүтүп, бирдиктүү базага киргизилди. Малдын ылаңын алдын алуу боюнча сибирь кулгунасына, шарп (яшур), оспа, лептозпироз, бруцеллёзго каршы эмдөө жүргүзүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасында” жок жана “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна киргизилбеген мал-жандыктары чарба китебинин негизинде жазылып, “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу гана берилүүдө. Мында ветеринардык кызматкерлерибиз жакшы жардам беришүүдө.

— Жеңишбек мырза, айыл өкмөтү тарабынан социалдык жактан муктаж жарандарга кандай жардам берилип жатат?

— Айыл аймагында 162 үйбүлөгө жакыр жашагандыгы тууралуу социалдык паспорту ачылып, анын ичинен 81 үй-бүлөдө тарбияланып жаткан 229 бала мамлекеттен 1200 сом өлчөмүндө “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында жөлөк пул алууда. Ошону менен катар жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кайрымдуулук фонддордун колдоосу жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, азыктүлүктөн жана материалдык жактан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ооган согушунун каза болгон жоокерлеринин, 7-апрель элдик революциясынын каза болгон катышуучуларынын үйбүлөлөрүн моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында жыл сайын каржы жагынан жардамдар берилип, көмүр алууга акчалай колдоо көрсөтүлүп, майрамдарда белектер уюштурулуп турат.

8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салымын кошкон жана жардамга муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарын караган 210 аял затына белек уюштурулуп, майрамдык маанай тартуулоо жыл сайын салтка айланган. Ошондой эле айыл аймагындагы көп балалуу 50 энеге Кыргыз мамлекеттик филармонияга майрамдык концертке катышуу уюштурулду.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата көзү өтүп кеткен ардагерлердин жесирлерин куттуктоо үчүн азык-түлүктөр курамы жана ар бирине акчалай колдоолор көрсөтүлдү.

1-июнь “Балдарды коргоо” күнүнө карата айыл аймактагы ата-энеси жок тоголок жетим жана ата-энесинин бирөөнөн ажыраган жарым жетим 139 балага 1000 сомдон материалдык колдоо көрсөтүлүп, айыл аймагы боюнча жаш бөбөктөргө балмуздак, ар кандай оюнчуктар таратылды. Балдар ойноочу аянтчалар жаңыртылып, кээ бир жерлерде оңдоп-түзөө, сырдоо иштери жүргүзүлдү. 16 ата-энесинен ажырап калган тоголок жетим балдарга кийимкечек алууга жана керектөөсүнө материалдык колдоо катарында жыл сайын ар бирине 15 000 сомдон акча каражаты которулуп турат. Балдардын ден соолугун чыңдоо максатында жардамга муктаж үй-бүлөдөн чыккан 30 балага Ысык-Көлдө жайкы лагерде эс алуу уюштурулду.

70 жаштан жогорку жаштагы кары адамдарыбызга колдоо катары 1-октябрь карылар күнүнө жана 3-декабрь бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарга жана майып тургундарга 1000 сомдон акчалай колдоо жыл сайын уюштурулуп келет.

Ошондой эле айыл өкмөттүн алдында ачылган “Үй-бүлө жана балдарды колдоо борбору” тарабынан уюштурулган социалдык дүкөн аркылуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кийим-кечек жана азык-түлүктөн жардамдар уюштурулуп турат. Азык-түлүккө болгон баанын жогорулаганына байланыштуу, айыл аймагынын аз камсыз үй-бүлөлөрүнө (100 үй-бүлөгө) колдоо көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүнүп, азык-түлүк топтомдорунан жардам уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” №385 токтомунун негизинде жардамга муктаж 3 жаш балалуу үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгуу, бизнесдолбоор түзүү иштерине көмөк көрсөтүлүп, натыйжасында мамлекет тарабынан 100 000 сомдон социалдык жардам көрсөтүлдү. Бүгүнкү күндө бул үйбүлөлөр: тигүү тармагында, дүкөн иштетүү боюнча жана такси кызматында ийгиликтүү иш алып барышууда.

Азыркы күндө ата-энесинен ажырап калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ошондой эле “Балдар биздин келечек” аттуу майып балдарга кам көргөн жана атаэнелердин калыбына келтирүү борборунда каттоодо турган балдарга жаңы жылдык балаты жана таттуулардан белек уюштурулууда.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, балдарга болгон ырайымсыз мамилени болтурбоо жана алдын алуу максатында айыл башчылары, көчө комитеттери менен биргеликте иш-чаралар уюштурулуп турат.

Айыл өкмөтүндө КР Президенти С.Жапаровдун “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” жана “Инсандын руханий адепахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарын ишке ашыруу максатында “Мен жана Мекен” аттуу майрамдык маанидеги кароо-сынагы болуп өттү.

— Инвестиция экономиканын кыймылдаткыч күчү эмеспи. Айыл аймагында кошумча каржы булактарын табуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Айыл аймагынын социалдыкэкономикалык жактан өнүгүү программасынын алкагында ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, инвестиция тартуу аркылуу бир топ ири долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эми мында облустук, райондук өнүктүрүү фондунун жана эл аралык уюмдардын жардамы бараандуу десем болот.

Маселен, Чүй облустук өнүктүрүү фонду аркылуу 4 даана сугат суу насостук станциясын орнотууга долбоор өтүп, азыркы күндө Арал айылында сугат суу насосторун орнотуу боюнча 1599,744 млн сом бөлүнүп, иш кызуу жүрүүдө. Эл аралык кайрымдуулук фонд тарабынан Торговая көчөсүндөгү жаңы ичүүчү таза суу линиясынын насостору, Индустриальная көчөсүндөгү ичүүчү таза суусунун түтүкчөлөрү “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан алмаштырылды. Ошондой эле айыл аймагындагы дамба ашар ыкмасы менен калыбына келтирилди.

Айыл аймагындагы Сокулук айылында жеке ишкер тарабынан 35 млн сомго кардиология борбору салынып, ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө ал жерде 10 жумушчу орун түзүлдү. Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Сокулук кафесинин кичи имаратында медициналык “Гемодест” (кан анализин алуу) борбору ачылып, 7 жумушчу орун түзүлдү. Мындан кийин дагы ишкерлер менен иштешип, калк үчүн ыңгайлуу шарттар түзүүгө болгон аракетибизди жумшай беребиз.

Эми учурдан пайдаланып, жалпы элимди, кыргызстандыктарды келе жаткан 2023-жыл – Жаңы жылы менен куттуктаймын. Жаңы жыл жакшылыктардын жылы болсун. Ар бир үйбүлөгө ден соолук, аманчылык тилеймин!

Ошентип, Чүй облусундагы эң мыкты аракеттери, жараткан ийгиликтери менен эл оозуна алынып, таанылган айыл өкмөт башчысы Жеңишбек Эдигеев менен болгон жаңы жыл алдындагы баарлашуубузду сиздерге сунуш кылдык. Ал жетектеген Крупская атындагы айыл аймагында азыр жаңы чектерге, бийиктиктерге умтулган арбын иштер болуп жатат. Албетте анын бардыгы тынбай, талбай изденүүлөрдүн натыйжасы. Келерки жылы дагы крупскаялык сыймыктуу калктын жаңы натыйжаларына, ийгиликтерине күбө болоорубуз анык. Келе жаткан жаңы жылыбыз ар бир коломтого ырыскы-берекесин мол берип, ынтымак-ырашкерлик уялай берсин!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№114 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 30-декабры

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!