"Эркин-Тоо"

ЖЭБдеги авария. Учурда 9 отказан жана 4 турбоагрегат иштеп жатат

Учурда Бишкек Жылуулук электр борборунун жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт түзүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБде 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.

«Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 300 т/саат, температурасы 53 градустан 68 градуска чейин болууда. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саатты түзүүдө», — деди ал.

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө бардык үйлөр жылуулукка кошулган. Муздаткычтын параметрлери нормалдаштырылган аймактарга ысык суу кошулуусу акырындык менен улантылат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!