Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкер дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.
Жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат.
Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер Президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.
Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар Президенттин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.