Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттерин жоюда ыкчам чаралар көрүлүп, 3-4 күндүн ичинде толугу менен ишке кирди. Энергетика министрлиги «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы штаттык режимде иштеп жатканын, учурда бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулганын билдирди. Тактап айтканда, шаардын бардык катмары жылуулук менен камсыз болду. Кечээки күнгө карата ЖЭБде 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы айтылды.
“Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, Бишкек ЖЭБи күтүүсүз жерден жарылып, шаар тургундарын түйшүккө салып, жалпы журтубузду бир топ бушайман кылды. Бактыга жараша адам өмүрү кыйылган жок, бирок беш кызматкер денесин күйүккө алдырып, экөөсүнүн абалы оор болгондуктан Түркиядагы атайын клиникага жөнөтүлдү. Учурда ЖЭБден жана вертолет кырсыгынан жабыркаган 4 бейтап дарыланып жатканы, алардын чыгымы Президенттин көзөмөлүндө экендиги маалым болду. Жабыркаган мекендештерибиз аман-эсен айыгып кетишине жалпыбыз тилектешпиз.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда болгон кырсыктын себептерин аныктоо иши жүрүүдө. Чоо-жайынын баары Россиядан келген алты адистин катышуусунда тыкыр иликтенип жатат. Ал эми коомчулукта ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаал боюнча пикирлер айтылууда. Таң калыштуусу, ЖЭБдеги кырсыкка саясий боёк сүртүп, мурунку бийликте кызмат кылган жана бей өкмөт уюмдарында иштеген бир топ адамдар элдин нааразычылыгын күчөтүүгө абдан аракеттенди. Социалдык түйүндөрдө тынымсыз жазышып, кырдаалды курчутканга болгон күчтөрүн жумшаганын көрдүк. Демек, бул аракеттердин артында бир мандем болушу толук ыктымал, аны укук коргоо органдары дыкат териштириши кажет. Анткени, жарылуу катталган күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жыйын куруп, УКМК төрагысына шилтеме берүү менен диверсия болгон деген божомол дагы каралып жатканын айткан.
Чындыгында диверсия божомолун жокко чыгарууга болбойт. Себеби, сырткы күчтөр тарабынан март айында элди көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Атай айтсак, Тилекмат Куренов, Имамидин Ташовдун төңкөрүшкө болгон даярдыктары жөн жерден чыккан жок. Алардын сүйлөшүүсүндө 10 млн доллар деп жазылган кагаз көрсөтүлсө, Батыштын долбоору менен каржыланган жазмакер 18 миллион сомго үй алганы айтылган. Мунун баары сырттан соккон желаргыны билдирет. Буга чейин айрым саясий аналитиктердин божомолдору айтылып, Кыргызстанда элди бир гана энергетика багытында бийликке каршы көтөрүүгө болору белгиленген. Кыш оор болуп, Токтогул ГЭСиндеги суу какшып, февраль айында свет жок болсо, мартта эл эч нерсеге карабай акцияга чыгары белгиленген. Бирок, кыш жылуу болуп, суу үнөмдөлдү. Мындан улам “койнунда котур ташы бар” топтор ЖЭБди кырсыктатып, энерегетикалык кризисти жаратууга аракеттенген болушу толук мүмкүн. Муну иликтөө аныктар…
Ошондой эле, ЖЭБдеги кырсыктан саясий упай топтоого жанталашып, реконструкция деген шылтоо менен 386 миллион долларды уурдап кеткен эрендерди элдик баатыр катары көрсөтүүгө аракеттенгендер чыкты. Муну эми адепсиздик десе болот. Жеп-ичкени аз келгенсип бүгүн баатыр боло калышканы, таптакыр акылга сыйбаган жорук болду. Албетте, коомчулук уурулардын колдоочуларына жабыла чыгып жообун берди. Маселен, экс-депутат Кубанычбек Исабеков күнөөнүн баары Атамбаевде жатканын айтып чыгып: “Алар эң жогорку пайыз менен ири кредиттерди алышкан. Ал каражат түндүк-түштүк альтернативалык жолун, Датка-Кемин электр линиясын курууга, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого жана тарых музейин оңдоого кеткен. Бул долбоорлордун бардыгын ишке ашырууда уурулуктар болгон. Маселен, Датка-Кемин электр линиясын курууда 1 чакырым электр чубалгылары үчүн 1 миллион доллар деп эсептен чыгарылган. Бул чыгым кайдан келип жатат? Ушундай эле көрүнүш Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо да болгон. Ал жакшы ондоп-түзөлбөгөндүктөн, бүгүн Кыргызстан экинчи жолу кырсыкка учурап жатат”, — деди.
Барыбыз билебиз, Бишкек ЖЭБи 1961-жылы колдонууга берилген, андан бери 63 жыл өттү. ЖЭБдин эскилиги жеткени 2005-жылы, Бакиевдин убагында аныкталып, аны модернизациялоо муктаждыгы мамлекеттик деңгээлде талкууланган. Көп өтпөй, Максим Бакиев башында турган делегация Кытайга кредит сурап барып, долбоордун наркы 180 миллион долларга бааланган. Ошол делегациянын курамында кыргызды сыздатып кеткен Сапар Исаков дагы чогуу болгон. 2010-жылы күтүүсүз жерден бийлик алмашып, ЖЭБди модернизациялоо иши токтоп калган. Бирок, эскилиги жеткен ЖЭБди оңдоо 2013-жылы кайрадан көтөрүлүп, сүйлөшүү башталган. Кызыгы, кураторлугуна Сапар Исаков бекип, ал 180 миллион долларга бааланган долбоордун суммасын 386 миллион долларга чейин чыгарган. “Иттин өлүгү” ушул жерде жатат.
2017-жылы ЖЭБди модернизациялоо жумушу аяктап, бир жыл өтпөй 2018-жылы Бишкек ЖЭБинде авария болуп, жылуулуксуз калган. Так ошол кырсыкта Сапар Исаков башында турган долбоордун сапатсыз бүткөнү ачыкталып, алынган 386 миллион доллар кредиттин 111 миллион доллары уурдалганы аныкталган. Аталган окуя “600 долларлык кычкач” деген ат менен тарыхта жазылып калды. Уурдалган сумма мамлекетке кайтарыла элек. Түрмөдөгү Сапар Исаков 2020-жылдагы элдик көтөрүлүштөн пайдаланып качып кетти, бүгүнкү күнгө чейин кармалбай жүрөт.
Бул жерде белгилей кете турган жагдай, 2017-жылы Атамбаевдин бийлиги эски ЖЭБди 386 миллион долларга модернизацияласа, кошуна Тажикстан ошол эле компания менен келишим түзүп, 349 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп алышкан. Тактап айтканда, ТВЕА компаниясы даяр турган, түтүктөрү туташкан, пайдубалы түптөлгөн Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизацияласа, эч нерсеси жок түз талаада жаткан Тажикистандагы “Душанбе ЖЭБ-2нин” курулушун 349 миллион долларга нөлдөн баштап куруп бүтүргөн. Кыскасы, жаңы салынган менен модернизация болгондун айырмасы асман менен жердей.
Президент Садыр Жапаров дагы муну баса белгилеп, “Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле. Жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтурушат”, — деди. ЖЭБди оңдоого деген шылтоо менен чоң суммадагы насыяны алып, аны уурдап кеткендер баатыр болгонго акысы жок!
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ