"Эркин-Тоо"

ЖЭБге ЖАТЫП ИШТЕГЕН ЖЕТЕКЧИ

Жакында Бишкек ЖЭБинин башчылыгына Нурлан Өмүркул уулу барып конгон. ЖЭБдин катардагы кызматынан башчылыгына дейре өсүп жеткен, экинчи ирет жылуулук борборду жетектеп жаткан жетекчини тармактагылар да “өздүк кадр” катары сыпатташып, иштешүүдө. Аныгында Нурлан мырза иш билги катары жылуулук борборду дароо тартипке келтирип, ишти көркүнө чыгара аткарып жаткандыгы, сырткы чыкылдаган суукта үйүнө барбастан ЖЭБге жатып иштеп жатканы калаа тургундарын кантип кубандырбай койсун? Биз дал ушул тармактын күңгөй-тескейи тууралуу каарманыбызга бир катар суроолорду жолдодук. Сырттагы сууктун мизи кайтса Нурлан мырза соболдорубузга жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Андыктан Бишкек жылуулук борборуна байланыштуу көйгөйлөрүңөр бар болсо биздин кабарчыбызга кулак кагыш кыла берсеңер болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!