"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти менен жолугушту

Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн башында министр Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана ынак коңшулук мамилелерин мындан ары бекемдөө маселелери талкууланып, практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн келечеги тууралуу кеп болду.