11-сентябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле, Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын ишине делегациялардын катышуусун даярдоого жана анын алкагында «С5+1» форматында пландаштырылган эң жогорку деңгээлдеги жолугушууларга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.