"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Антальядагы дипломатиялык форумга катышат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-3-мартта Антальяда өтчү 3-Анталья дипломатиялык форумуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, форумдун алкагында министр Жээнбек Кулубаевдин бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары, ошондой эле панелдик сессияда сөз сүйлөөсү пландалууда.

«Кризис учурунда дипломатияны өнүктүрүү» аталышындагы форумга 60тан ашык өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле 80ге жакын эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!