"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Армениянын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армениянын Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондянды кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Атап айтканда, ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруу, экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-армян комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-армян кызматташтыгынын бардык спектрлери боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыгын билдиришти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!