"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри менен жолугушту

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай,  тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын сактоо максатында, министр Ж.Кулубаев БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргызстанга сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КР Президентинин 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кыргызстанда ачыла турган кыргыз-эмират холдингинин ишин тездетүүнү макулдашышты.

Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх А.Аль Нахайанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!