"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Блинкенге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалымат берди

22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун айтып, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде «Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын» ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!