"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын орун басары менен жолугушту

17-майда  Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары — БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги максаты коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле Ооганстандагы кырдаалдын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Тараптар Борбордук Азия мамлекеттери менен БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, атап айтканда Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак зоналарынан жарандарды репатриациялоо жана реинтеграциялоо, террористтердин жер которуусуна каршы туруу, ошондой эле башка трансулуттук кылмыштар мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча БУУ менен КР УКМК ортосунда Террористтердин жүрүүсүнө бөгөт коюу Программасы (CT Travel) боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга, ошондой эле БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясына ылайык КР БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын потенциалдуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюлду.

Белгилей кетсек, 16-18-майда БУУнун башкы катчысынын орун басары  Владимир Воронков Кыргызстанга келди. Визиттин алкагында  Президент Садыр Жапаров, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору Тимур Шабданбеков, ошондой эле Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев менен жолугушуулары болду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!