"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Дональд Лу менен жолугушту

Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы күн тартибин, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсү кеңири талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев эки тараптуу негизде, аймактык кызматташуунун алкагында соода-экономикалык кызматташууга басым жасоо менен практикалык кызматташууну бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Бул планда региондук масштабда жалпы кызыкчылыкты жараткан конкреттүү жана олуттуу долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар С5+1 форматындагы министрлердин жолугушуусунун жыйынтыктарын жогору баалашып, өз ара аракеттенүүнүн практикалык тегиздигине өтүү үчүн бул диалогдук аянтчаны сактоонун жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Министр Ж.Кулубаев АКШнын 25 миллион АКШ долларын бөлүү чечимин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн потенциалын жогорулатууга багытталган жаңы экономикалык демилге катары кубаттады.

Азыркы шартта экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү кадамдар катары тараптар эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин минималдаштыруу боюнча өз ара консультацияларды активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда Министр Ж.Кулубаев кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу окуялар боюнча кеңири маалымат берди.

КР ТИМ башчысы тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракет экенин баса белгилеп, кырдаалды басаңдатуунун маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды сүйлөшүү үстөлүндө гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позицияны белгиледи. Буга байланыштуу министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын аймактагы тынчтык менен туруктуулукка өбөлгө түзүүчү ар кандай сунуштарга даярдыгын жана ачыктыгын баса белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Д.Лу мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошол эле учурда америкалык дипломат чек ара аймактарында чыңалуунун күчөп баратканына олуттуу тынчсыздануусун билдирип, АКШ жана бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн тынчтыкты жана туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!