"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин Борбор азия боюнча өкүлү менен жолугушту

 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан 2023-жылдын  2-3-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн Европа кеңешинин, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жана Европа кеңешинин президенти Ш.Мишелдин Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле өз ара  кызматташтыкты арттыруу боюнча пландарды талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев коопсуздук чөйрөсүндө, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн жанаа Европа биримдигинин Кыргызстандагы долбоордук-программалык ишмердигин мындан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даярдыгын ырасташты.