14-августта КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. КР Президенти С.Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун КЭР СУАРга боло турган сапары жана 2023-жылдын октябрында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга боло турган расмий сапары талкууланды.
Тараптар Кытай Өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүүнүн жүрүшүнө токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун алдыга жылдырууну тездетүүнүн, «Торугарт» жана «Ирештам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруунун, ошондой эле аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.