"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Минскте өткөн бир катар жыйындарга катышты

22-ноябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Минск шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун жамааттык коопсуздук аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал жана сессиялар аралык мезгилдеги уюмдун ишмердүүлүгү талкууланды.

2024-жылдын 1-январынан тартып ЖККУга төрагалык кылуу Казакстан Республикасына өткөндүгүнө байланыштуу, казак тарап келерки жылдагы ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин “Жаңы аскердик-саясий шарттарда евразиялык мейкиндиктин коопсуздугун камсыздоого карата мамиле жөнүндө” билдирүүсү кабыл алынды жана уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого боюнча, ошондой эле кадр жана каржы маселелери тууралуу бир катар документтерге кол коюлду.

23-ноябрда Минск шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунун мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган документтердин долбоорлору жактырылды.