"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Жээнбек Кулубаев Палестинанын элчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестинанын  Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Кулубаев Газа тилкесиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөөрүн белгиледи.

Элчи кыргыз тарапка жолугушуу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Эр-Рияд шаарында өткөн 8-кезексиз Ислам саммитине Президент Садыр Жапаровдун катышуусун жана Кыргызстандын палестина маселеси боюнча бир орундуу позициясын белгиледи. Ошону менен бирге, Палестина-Израиль жаңжалынын аймагындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Газа тилкесинин жарандык калкынын кырдаалын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар согуштук аракеттер тез арада токтотулат деген үмүтүн билдиришип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон умтулууларын тастыкташты.