"Эркин-Тоо"

Жээнбек КУЛУБАЕВ: “Словения Кыргызстан сыяктуу кичинекей тоолуу өлкө”

Өткөн аптанын аягында өлкөбүзгө Словения Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Таня Файон алгачкы иш сапары менен келди. Кыргыз Республикасы менен Словения өлкөсүнүн дипломатиялык мамилелерине келерки жылы 30 жыл толгону турганына карабай, бул узак жылдар аралыгындагы биринчи иш сапар болгонун белгилегибиз келет. Таня Файондун Кыргызстанга келиши, дипломатиялык мамилелерди жаңы тепкичке көтөрүү менен эки тараптуу кызматташтык мындан ары бекемделе тургандыгын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев баса белгиледи. Биз Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге кайрылып, иш сапар боюнча суроо узаттык.

— Словения өлкөсү менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө жакында 30 жыл толот. Бирок, бул жылдар аралыгында бир да жолу аталган өлкө менен түз байланыш түзүлбөптүр. Эмне үчүн?

— Словения менен байланыштар буга чейин эл аралык уюмдардын деңгээлинде жакшы эле жүрүп келген. Бул жылы Словения Борбордук Азиядагы мамлекеттер менен кызматташууну, анын ичинен Кыргызстан менен да дипломатиялык мамилелерин чыңдоону каалап, биздин өлкөгө Словения Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Тышкы иштер министри Таня Файон келди. Биз Таня Файон менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тарапты кызыктырган маселелер талкууланды. Биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий кеңешмелерди өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди. Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Маалыматтыккоммуникациялык технологиялар, жашыл экономикага өтүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде гидроэнергетика, ошондой эле туризм жана кайра иштетүү өнөр жайы тармактары артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Маданий-гуманитардык чөйрөдө студенттердин өз ара алмашуу программаларын кеңейтүүгө басым жасалды. Мындан тышкары айыл чарба тармагында да кызматташуу боюнча сөз болду.

— Айыл чарба багытында кандай кызматташуулар болушу мүмкүн?

— Словения Кыргызстан сыяктуу кичинекей тоолуу өлкө. Жарандарынын саны 2,5 миллион. Бирок, Словения экономикалык жактан өнүккөн өлкө. Туризм, технологиялар, айыл чарбасы менен мактана алат. Айрыкча бул өлкөдө ветеринардык кызматтын иши жолго коюлган. Европа боюнча эң күчтүү ветеринардык кызмат словениялыктарда деп так айта алабыз. Ошондуктан биз бул тармакта кызматташууну макулдаштык. Таня Файон гидроэнергетика, жашыл экономика боюнча долбоорлорго кызыгуусун билдирди. Мындан тышкары Словения фармацевтика тармагы менен мактана алат. Европанын аймагында Словения фармацевтика тармагын жолго койгон өлкө катары белгилүү. Бул тармактар боюнча Кыргызстан менен Словениянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Андан тышкары Бишкек шаарында Словениядан 15 ишкер катышкан биринчи кыргызсловен бизнес форуму өткөрүлдү. Форумдун жүрүшүндө кыргыз жана словениялык ишкерлер түз байланыштарды түзүшүп, кызматташуу боюнча үч меморандумга кол коюлду.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!