"Эркин-Тоо"

Жээнбек Кулубаев Тажикстанга расмий сапар менен барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февраль күндөрү Тажикстанга барат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддиндин чакыруусу менен барат.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жогорку жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!