Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Азербайжандын Габала шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ ТИМК) кезектеги отурумуна катышты.
Отурум Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын «Аймактык тынчтык жана коопсуздук» аталышындагы Саммитинин алдында болуп өттү. Мүчө мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн Тышкы иштер мекемелеринин башчылары жана Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери түрк аймагындагы стабилдүүлүктү, тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоонун, ошондой эле ТМУну институционалдык жактан чыңдоонун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
Министр Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуусунун жыйынтыктарын чыгарып, кыргыз төрагалыгынын алкагында ишке ашырылган негизги жетишкендиктерге жана демилгелерге токтолду. Ал катышуучу өлкөлөргө жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Уюмдун форматында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтула берерин баса белгиледи.
Отурумдун жыйынтыгында Тышкы иштер министрлери Мамлекет башчыларынын Кеңешине кол коюуга сунуштала турган документтерди бекитишти. Алардын арасында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча ТМУга мүчө-мамлекеттердин жалпы мамилелерин жана макулдашылган позицияларын чагылдырган – Габала декларациясы бар.

