"Эркин-Тоо"
Пресс

Жээнчороевге оомат оомой болдубу?

Мурдагы депутат Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин үч фракциясы КР Акыйкатчылыгына талапкерлигин көрсөттү. Тагыраагы, “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу Мирлан Жээнчороевди биргелешип сунуштап жатышат. “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Жээнчороевге – мыкты юристтигин, мыйзамдарды билген кесипкөй тажрыйбасын эске алуу менен токтолушканын билдирди. Алгачкы иш тажрыйбасын КР Улуттук Гвардиясынын катарында офицер болуу менен баштаган Мирлан Жээнчороев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмеси менен катышкан.