Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жарандарды алдамчылыктан сак болууга жана өздүк маалыматтары камтылган документтердин сүрөттөрүн интернетке жайгаштырбоого чакырды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, паспорт, айдоочулук күбөлүк, ИНН, медициналык маалымкат сыяктуу документтердин сканерленген көчүрмөлөрү же сүрөттөрү интернетке жарыяланса, купуя маалыматтар үчүнчү жактардын колуна өтүп кетиши мүмкүн. Мындай учурлар алдамчылыкка байланышкан схемаларга жол ачат.
Мындай тобокелчиликтердин алдын алуу максатында, Lalafo платформасындагы жеке документтер жарыяланган «Табылгалар бюросу» бөлүмү жабылганы да кабарланды.
Агенттик төмөнкү эскертүүлөрдү берет:
– башка бирөөгө тиешелүү жеке документтер табылган учурда аларды жакынкы Калкты тейлөө борборуна, Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмүнө, мамлекеттик органдардын табылгалар бюросуна же милицияга өткөрүп берүү зарыл;
– табылган документтин сүрөтүн интернетке, социалдык тармактарга жарыялоого тыюу салынат.
Эске салсак, жеке маалыматтарды уруксаты жок чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана жайылтуу мыйзам бузуу болуп эсептелет жана административдик жоопкерчиликке тартууга негиз болот.

