Согушка катышкан мамлекеттер “Женева конвенцияларын бузуп жатат,” деген сөз ар бир мамлекеттер аралык куралдуу кагылышуулар учурунда дайыма айтылып келет. Бирок бул эл аралык мыйзам бузуулар үчүн кайсы бир мамлекет жоопко тартылганын эч ким уга элек. Кайсы бир күнөөлүү адамдын же мамлекеттин үстүнөн соттук териштирүүлөр, жүргүзүлүп, мыйзамга ылайык жазага тартуу болгону да беймаалым. “Женева конвенцияларын бузуп жатат,” деген тынчсызданууларды көп эле угуп жүрөбүз. Демек, Женева конвенциялары азыр эч кандай согуш коркунучу көрүнбөгөн жайкын турмушта күн кечирип жаткан калктуу пункттарда, шаарларда, бала бакчаларда, мектептерде, ооруканаларда, окуу жайларда бузулуп жатат. Мамлекеттер өздөрүнө эч кандай коркунуч жаратпаган социалдык объектилерди бомбалап, карапайым адамдарды өлтүрүп, зордуктап, тоноп, кыйноого алып, туткундарды мыкаачылык менен өлтүрүшүүдө. Бул конвенциялардын талабы аткарылбай жаткан соң дүйнө коомчулугуна мындай конвенциялардын кереги барбы? – деген суроо жаралат.
Адамзат биздин заманга чейин 300-жылдары, Аристотелдин убагында эле аскердик иш – аракеттердин адамзаттын жашоосуна тийгизген негиз таасири жөнүндө ойлоно баштаган. Убакыттын өтүшү менен мындай талкуулар “bellum justum” доктринасына – адилеттүү согушка айланган. “Адилеттүү согуштун” жактоочулары, курал колдонуунун моралдык негиздүүлүгүн жана анын акыйкат зарылдыгын актоо иретинде билдирген. Мындай абал негизинен, согуштук кырдаалда адамдардын колунда коргоо жана коргонуу куралы болгон учурда мүмкүн болгон. Бара-бара бул доктрина өзүнүн популярдуулугун жогото баштап – саясатчылар согушту актоо жөнүндө эмес, жалпысынан мамлекеттердин согуш жүргүзүү укугу жөнүндө айта башташкан. Учурда согуштук аракеттер мамлекеттик саясаттын куралы катары каралып келет.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, Улуттар Лигасынын учурунда, аскерий эксперттер аныктаган эки негизги түшүнүктү бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келет.
Биринчиси: “Jus ad bellum” – согушту баштоо укугу, ал күч колдонуунун мыйзамдуулугун аныктайт.
Экинчиси: “Jus in bello” – согуш жүргүзүүдөгү укук, эл – аралык гуманитардык укук. Ал аскердик күч колдонуу канчалык негиздүү болгонуна карабастан, куралдуу кагылышуулардын катышуучулары менен чектелген аймагына гана таасирин тийгизет.
Jus ad bellum – согуштун башталышы – деген негизги эреже БУУнун Уставынын 2-беренесинде жазылган: “Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчөлөрү өздөрүнүн эл аралык мамилелеринде кандайдыр бир мамлекеттин саясий көз карандысыздыгы же Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына туура келбеген башка жол менен аймактык бүтүндүккө же күч колдонуу коркунучунан же күч колдонуудан карманышат.” Ошол эле документте бул куралдуу кол салуу болгон учурда өзүн – өзү коргоо укугуна тиешелүү эместиги такталган. Эл аралык гуманитардык укуктун маңызы – jus in bello – ар дайым: “гумандуулуктан улам согуштардын катышуучулары, аймагы, кооптонуу жараткан кесепеттери чектелиши керек,” деп түшундүрмө берген.
Либер кодекси — XIX кылымда пайда болгон америкадагы жарандык согуш учурунда американын куралдуу күчтөрү үчүн атайын түзүлгөн тизме. Анын басымдуу бөлүгү туткунга түшкөндөргө арналган.
Биринчиси, 1863-жылдагы Либер кодекси, жарандык согушта согушуп жаткан америкалык куралдуу күчтөр үчүн колдонмолордун тизмеси. Негизинен кодекс туткундарга болгон мамилеге тиешелүү болгон: ал кыйноодон коргоо, татыктуу камакта кармоо, медициналык жардам көрсөтүү, адилет соттук териштирүү укугун жана андан кем эмес маанилүүсү согуш туткундарын алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн караган. Бир жылдан кийин, 1864-жылы, Европада биринчи Женева конвенциясы кабыл алынган, анда жарадар болгон жоокерлерди жана дарыгерлерди дарылоону жөнгө салган, ошондой эле ооруканалардын жана таңуу станцияларынын нейтралдуу статусу аныкталган. 1868-жылы куралдын айрым түрлөрүн колдонууну жөнгө салган биринчи эл аралык келишим болгон “Санкт-Петербург декларациясы” кабыл алынган. Анда бутага тийгенде жарылган октор жөнүндө сөз болгон: мындай октордун сыныктары жана жарылуу учурунда бөлүнүп чыккан газдар аскерлерге жөн эле өлүм эмес, азаптуу жана коркунучтуу өлүм алып келген.
“Санкт-Петербург декларациясына” бардык ири колониялык державалар макул болуп, кол коюшкан. Бул документ биринчи жолу эл аралык коомчулукка: гуманитардык себептерден улам натыйжалуулугуна эч ким шектенбеген жана согуш талаасында олуттуу артыкчылык берген куралдан баш тартуунун кереги барбы? – деген суроо койгон. Соңунда, дүйнөлүк лидерлердин ойлору – согуш жүрүп жаткан жердеги абал мыйзамдын негизинде көзөмөлдөнүп, адамзатка зарыл болгон талаптар боюнча Гаага конвенциясынын пайда болушуна алып келген. Анда биринчи жолу согушкан тараптардын ортосундагы айырмачылыктарды сүрөттөп, ошол эле учурда калктын партизандык согушка болгон укугун жазып, аныкташкан. Согуштун эрежелерин жана мыйзамдарын түзүүдө мамлекеттер башка мамлекеттердин армияларына каршы согушуп жаткан расмий армияларды гана эске алышкан. Ошондуктан, согуш мыйзамдары мамлекеттер аралык чыр-чатактар учурунда гана колдонулуучу нормалар катары түзүлгөн.
Чындыгында XIX кылымда согуш азыркы мезгилдеги согуштан башкача болгон. Жайкын тургундар салгылашууларга катышкан эмес. Согушт белгилүү бир деңгээлде карапайым калк жашаган пункттардан обочо жерде, негизинен аскердик куралдуу күчтөрдүн ортосунда болгон. XX кылымдын биринчи жарымында, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, мамлекеттер согуштук келишимдерди реалдуулукка ылайыкташтырууга аракет кылышкан. 1940-жылы Швейцарияда конференция өтүшү керек болчу, анда чоң державалар конвенциялардын жаңы долбоорлорун сунуштамакчы болушкан. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуш башталып кетип, бул максат ишке ашпай калган.
Фашисттик Германияны жеңгенден кийин биполярдуу дүйнөнүн орногонуна карабастан, негизги мамлекеттер толук жана так эрежелерди түзүүгө аракет кылышкан. Ошонтип төмөнкүдөй Женева конвенциялары пайда болгон:
– Аскердик күчтөрдөгү жарадарлардын жана оорулуулардын абалын жакшыртуу боюнча;
– Куралдуу күчтөрдөгү, аскер деңиз флотундагы жарадарлардын, оорулуулардын жана кемеси кыйрагандардын абалын жакшыртуу жөнүндө;
– Согуш туткундарына мамиле кылуу жөнүндө;
– Согуш мезгилинде карапайым калкты коргоо жөнүндө;
Мына ушундай негизги заманбап система пайда болгон. Ал эми азыр Женева конвенциялары эл аралык гуманитардык укуктун негизи болуп саналат. Женева конвенциялары 1950-жылы күчүнө кирген – ар бир он жыл сайын, аларды ратификациялаган мамлекеттердин саны көбөйдү. Учурда 194 өлкө бул документтерге кол койгон. Чындыгында ар кандай мамлекеттер көп учурда ар кандай шарттарга макул болушкан: кээ бирлери бардык конвенцияларды толугу менен ратификациялашса, айрымдары – жарым-жартылай же эскертүүлөр менен кабыл алышкан. Куралдуу күчтөргө карата колдонулуучу согуштун эрежелери жана салттары Гаагада жана башка келишимдерде да баяндалган (мисалы, тыюу салынган жана уруксат берилген куралдардын түрлөрүн аныктоо). Маселен, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда шаарларды массалык түрдө бомбалоо, эмнени аскерий бута деп эсептөөгө болот? – деген суроону жараткан. 1969-жылы аскердик жана аскердик эмес объектилердин ортосундагы айырмачылык каралган резолюция кабыл алынган.
Конвенциялардын жана эрежелердин пайдубалы түптөлгөн XIX кылымга салыштырмалуу, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин чыр-чатактар азайып, бирок ошол эле учурда, расмий түрдө согуш жарыялоо жок болуп бара жатканы салттуу көрүнүшкө айланып баратканы айтылып келет. Ал эми ири конфликттердин көпчүлүгү эл аралык эмес болуп чыкты. Эл аралык чыр-чатактардын мүнөзү да өзгөрдү. Маселен, көп учурда душмандашкан – мамлекеттерди табуу кыйын болуп калды. Акыркы жыйырма жылдын аралыгында эң кандуу согуштарды Чоң державалар “террордук уюмдарга” каршы жүргүзүштү. Маселен, ИГИЛ өзүн мамлекет деп атап алган, бирок эл аралык укуктун көз карашы боюнча андай эмес, ошого жараша конвенциялардын иш аракеттери ылайыктуу эмес болуп чыкты. Женева конвенциялары азыркы реалдуу согуш журүп жаткан аймактарда чындап эле колдонулабы? Ал эми мамлекеттердин расмий армияларына кандайдыр бир конвенцияда жазылгандарга такыр маани бербеген ИГИЛ же “Аль-Каида” сыяктуу террордук уюмдар каршы турса, анда аларды эмне кылуу керек? – деген суроо жаралат. Террорчулар менен сүйлөшүүлөрдүн мүмкүн эместиги жөнүндө так түшүнүк бар. Бирок, эл аралык укукта “терроризм” түшүнүгүнүн жалпы кабыл алынган аныктамасы жок.
“Терроризмдин айрым көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салган конвенциялар бар. Уюмдарды санкцияларга дуушар кылууга, аларды террористтик деп жарыялоого жана ошого жараша алардын жетекчилерине жана мүчөлөрүнө санкция салууга мүмкүндүк берген санкциялык режим бар. Бирок бул концепциянын өзүн бирдиктүү эл аралык түшүнүү азырынча толук калыптана элек. Ливан трибуналы өз чечиминде аны формулировкалоого аракет кылган, бирок ал да жалпы дүйнө коомчулугу тарабынан таанылган эмес. Терроризм боюнча универсалдуу конвенцияны кабыл алуу аракетинен да эч кандай майнап чыккан эмес. Анын баары туңгуюкка кептелгенин эксперттер айтып чыгышты. Эл аралык укуктун аткарылышы дүйнө коомчулугунда эң алсыз звено бойдон калууда. Женева конвенцияларын бузгандыгы үчүн санкциялар теориялык жактан ага кол койгон мамлекеттердин кылмыш-укуктук системасына ылайык түзүлгөн. Башкача айтканда, мындай иштер улуттук аскердик трибуналдар же жөнөкөй соттор тарабынан каралат деп болжолдонгон. Теориялык жактан алганда, мамлекеттер эл аралык гуманитардык укукту одоно бузган өз жарандарын өздөрү жоопко тартууга милдеттүү.
Мамлекеттердин ортосундагы талаш – тартыш маселелерди чечүү үчүн 1946-жылы Гаагада Эл аралык сот түзүлгөн. Кагаз жүзүндө бардыгы жакшы, соттун чечимдери милдеттүү жана даттанууга жатпайт. Бирок бир көйгөйлүү маселе Гаагада Эл аралык соттунун мамлекеттерди ал чыгарган чечимдерин контролдоочу куралы жок. Украина согуш башталгандан кийинки экинчи эле күнү сотко кайрылган. Гаага соту Орусияга согуштук аракеттерди токтотууга буйрук берген. Ага карабай согуш үч жылдан бери уланып келе жатканына дүйнө коомчулугу күбө болуп келет. Ошондуктан дүйнө коомчулугу Женева конвенцияларынын нормаларын кайрадан карап чыгуу маселеси күн тартибиндеги орчундуу маселелердин бири.
Бахпурбек АЛЕНОВ
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 7-майы