"Эркин-Тоо"

«Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов 2 айга камакка алынды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов 13-мартка чейин СИЗО-5ге камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Досоновдун баш коргоо чарасы кечээ, 15-январда каралган. Ал эми калган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы бүгүн каралат.

14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган. Дагы бир шектүү ушул эле күнү Ош облусунун аймагынан колго түшүрүлгөнү кабарланган болчу.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!