2019-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын каттоосунда турган, Ош облусунун Ноокат районундагы Герей-Шорон айылынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарынын «положенеци» деп аталган Малабаев Гүлжигит Карабаевич кармалды.
Ал эми төмөндөгү адамдарга карата ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жана кылмыштуу топторго катыштыгы бар экендигинен баш тартуулары боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү…
- 1964-ж.т., Ажибаев Ильяскожо Рахманбердиевич, Баткен облусунун Лейлек районунун Миң-Жыгач а/а Тогузбулак айылында туулган, улуту кыргыз, «Хасан ата жана прокурор» деген ат менен белгилүү
- 1967-ж.т., Абдырахманов Равшанбек Орозбаевич, Баткен облусунун Баткен шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2013-жылдан бери «К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Баткен облусунун ИИБнын ыкчам каттоосунда турган. «Равшан тентек» деген ат менен белгилүү.
- 1973-ж.т., Рахманкулов Асланбек Маматбекович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, туулуп-өскөн жана улуту, үй-бүлөсү кыргыз, 2015-жылдан бери К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин каттоосунда турган. «Голова» деген каймана ат менен белгилүү.
- 1983-ж.т., Саидбаев Ильяз Мамединович, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары 2010-жылдан бери Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыкчам каттоосунда турган. «Илюха» каймана аты менен белгилүү.
Зулпукаар САПАНОВ