Жер мунапысы боюнча мөөнөт узартылды. Бишкекте 16 миңден ашуун арыз катталды
Бишкек шаарында жер мунапысына байланыштуу 16 616 арыз каттоого алынды. Бул тууралуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь айынан 1-июлуна чейин 2 022 шаар куруу корутундусу даярдалып, тиешелүү комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн. Учурда комиссияга жалпы 13 698 даяр корутунду өткөрүлүп берилди.
Ошол эле учурда 2 123 арыз боюнча баш тартуу чечими кабыл алынган. Мындай чечимдер жер тилкелери санитардык-коргоо зоналарында, сейил бактардын аймактарында, электр өткөрүү линияларынын алдында же тазалоочу курулмалар жайгашкан тилкелерде болгондугуна байланыштуу чыгарылган.