Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жер жана суу үстүндөгү транспорт департаментинин директору Айтиев Шухрат Анварович ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 13-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Айтиевди кызматтан алууну транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев сунуштаган.