"Эркин-Тоо"

Жер тилкеге берилген кызыл китеп жоюлат

Өлкөдө жер тилкелердин кызыл жана жашыл китептерин жоюу пландалып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин комитетинде билдирди.

Анын айтымында, бул китептердин ордуна кадастрдык планды киргизүү мерчемделүүдө. Сатыбалдиев кадастр планында QR-коду болуп, жер тилке тууралуу бардык маалыматты камтый турганын айтты. “QR-коду менен жердин аянтын, түрүн, категориясын жана башка маалыматтарды көрсө болот. Учурда кызыл китептерди жасалмалашууда. Коррупциялык көрүнүштөр кездешүүдө, анын үстүнө андай китептерди даярдоодо чыгым көп болууда. Ошондуктан кадастрдык план киргизип, кызыл жана жашыл китептерди жоюуну пландап жатабыз», — деди Сатыбалдиев.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!