Акыркы жылдары коомчулук тарабынан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү иштебей жатканы тынбай айтылып, 30 жылда калыптанган түшүнүк менен иш алып барып жатышканы белгиленип келе жатат. “Калк айтса калп айтпайт” дегендей, чынында эле беш жылдан бери жогорку бийликтеги саналуу жетекчилер гана баш көтөрбөй күнү-түнү иштеп, мамлекеттин арабасын тартып келе жатат. Калганы баягы эле көндүм адаттары менен эптеп күн өткөрүшүп, негизинен той-топур, шаан-шөкөт, шапар тепмей менен алек болуп жүрүшөт. Өкүнүчтүүсү, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды максаттуу колдонбой, аң-сезимге сиңген эски түшүнүк менен ичип-жешүүдө.
Жергиликтүү бийликтин шалаакылыгы, иштебей жатканы, жок дегенде көчөгө бир гүл эгип койбогону УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аймактарды кыдырган маалында бадырайып эле алаканга салгандай көрүндү. Ысык-Көл облусунда болгон учурда облус же район жетекчисин мындай кой, тээ ылдыйдагы айыл аймактын башчылары оозуна кирген сумманы сугунуп көнгөнү билинди. Үч кошкон жолдун тоомундагы кичинекей аянтчаны көрктөндүрүп, гүл эгип койгонго бир жарым миллион сом кетерин айтып жалпы журттун оозун ачырды. Эки күн өтпөй ошол жерди район жетекчиси жапжашыл кылып жасап, 49 миң сомго жетпеген каражат кеткенин билдирди. Биринчиден, бул жерде жергиликтүү чиновниктер кичинекей жерден чоң суммаларды жеп көнгөндүгүнүн бети ачылса, экинчиден, жогор жактан бирөө талап кылмайын эч нерсе иш кылбай тургандыктары ачыкка чыкты.
Андан кийин Президенттин тапшырмасы менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарына барганда быйылкы жылы 1 миллиард сом бөлүнгөнүнө карабай, эч нерсе иш жасалбаганы көзгө тартылды. Бул факты дагы жергиликтүү бийликтин кыймылдабай, жеген-ичкенден башканы билбей, мунжу бойдон жатканын көрсөттү. Иштин бүтпөгөнүнө карабай курулуш ишканасына 42 миллион сом өткөрүп бергендигине байланыштуу Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жыйындын жүрүшүндө камакка алынды. Аны менен кошо мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси, техникалык көзөмөл боюнча адис жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысы темир торго киргизилди. Коомчулукта бул өтө туура чечим катары бааланып, эски түшүнүктөн арылууга болгон кадам катары айтыла баштады. Негизи, көнгөн адаттан чыгарып, жергиликтүү бийликтегилердин аң-сезимин өзгөртүү зарыл болуп турат.
Ушул окуялардан кийин Өлкө башчысы Садыр Жапаров министрлерден баштап айыл өкмөттөргө чейинки мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, жыл аягында бөлүнгөн каражаттар кандай иштетилгени боюнча тыкыр текшерүү жүргүзүлө тургандыгын билдирди.
“Мени эл «мамлекеттик казына ыйык, андан уурдаба жана башкаларга да уурдатпа» деп шайлаган. Мен да силерди ушул эле талап менен мамлекеттик кызматка койгом.
Бирок, тилекке каршы, айрым жетекчилер казынадан социалдык жана башка курулуш иштерге деп бөлүнгөн акчаларга илгеркилердей ит адатыңарды карматып кол салып жатасыңар. Башка жактарды айтпай эле коеюн, кечээки Токмоктогу эле көрүнүштү алалы. Эмне деген акмакчылык? Токмок менен Кара-Балта шаарларына быйыл бир миллиард сомдон акча каражатын бөлүп бергенбиз. Эки миллиард акча менен Токмок жана Кара-Балта шаарларын гүлдөтүп салсаңар болот эле. Эмдиги жылы дагы бир миллиарддан бөлүп берип эки шаарды гүлдөтөлү деген аруу тилегибиз бар эле. Тилекке каршы, жергиликтүү жетекчилер «подрядчылар» менен биргеликте коррупцияга барганыңар көрүнүп турат.
Баарыңардын эсиңерде болсун. Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар. Ошону унутпагыла!” деп эскертти Мамлекет башчысы.
Кыймылга келбей жаткан жергиликтүү бийликке мындай талап коюлуп, бөлүнгөн каражаттар бир тыйынына чейин кайда жумшалгандыгы боюнча текшерүү жүрүшү керек болчу, Кудай буюрса ал башталды. Эми министрлерден баштап айыл өкмөттөрүнө чейинки чиновниктер эсине келип, уйкудан туруп, шаан-шөкөттөрдү тыйып, элдин эсебинен жеген-ичкенин токтотуш керек. Эң башкысы, намысына келип, эл үчүн иштейли деген мекенчилдик сезими ойгонушу шарт. Мына эч ким жокко чыгара албайт, беш жылдан бери Мамлекет башчысы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев баштаган саналуу гана адамдар тынымсыз иштеп жатат. Жыл башынан тарта жаңы дайындалган Оштун мэри Жеңиш Токторбаев кошулду. Ал киши кантип иштеш керектигинин чоң үлгүсүн көрсөтүүдө. Ага таасирленген Бишкектин мэри жакынкы айлардан бери кыймылга келип, эл аралап, базарларды кыдырып, иштин майнабын чыгарууга аракеттенүүдө. Азыр ичип-жеп, чалкалап жата турган учурда эмеспиз, бийликтеги ар бир чиновник күнү-түнү тынбай иштей турган маал келди. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ыргагына түшүшү керек. Эгер ал иштөө ыргакка түшө албаса, анда мамлекетти артка тартпай, өлкөнүн өнүгүүсүнө жолтоо болбой кызматын тапшырып кетиши керек. Мамлекет Башчысы да, УКМК төрагасы да ушул талапты коюп, “Иштей албагандар кеткиле!” деди. Муну жалпы эл колдойт. Ичип-жегенден башканы билбегендер кетиши керек!
Зулпукаар Сапанов